ИИМ Таласта 16 жыл кул болду деген орусиялык жаран тууралуу «Биринчи каналдын» сюжетин текшерет

Ички иштер министрлиги «Биринчи каналда» 24-мартта чыккан «Мени күт» программасынын сюжетинин чын-төгүнүн текшерет. Сюжетте Кыргызстандагы Талас облусунун Орто-Арык айылында 16 жыл бою кул болду деген орусиялык жарандын окуясы баяндалган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге укук коргоо органдары орусиялык ЖМКларга ишенбей турганын билдирди.

«Биз бул маалыматты текшерип жатабыз. Бирок биз бул фактыны [кулчулукту] ырастай албайбыз, анткени тескерисинче болуп чыгышы да мүмкүн. Мисалы, былтыр орусиялык ЖМКлар Кыргызстанга балдар зомбулук менен чыгарылып кеткенин, алар мазактоого туш болгонун билдиришкен. Кийин аныкталгандай алар жөн гана өлкөдөн чыгарылып кеткен экен, элчилик болсо кантип ошондой болгонун эмгиче аныктай элек», — деди ал.

«Биринчи каналдын» 24-марттагы «Мени күт» берүүсүндө 16 жыл бою Талас облусунда кул болду деген орусиялык жаран Сергей Черненький жөнүндө сюжет чыккан. Аны издеп Орусиядан берүүнүн кабарчысы келген.

Ал 20 жыл мурда энесинин үйүн сатып кайра кайтыш үчүн Кыргызстанга Забайкалье крайындагы Краснокаменск шаарынан келгенин айтып берген.

Бирок анын айтымында алдамчыларга туш болуп калып, алар анын паспорту менен үйүнүн документтерин тартып алышат. Ал милицияга кайрылган, бирок жардам берүүнүн ордуна тергөөчү эгерде Черненький ага чабан болуп иштеп берсе паспортун кайрып берип Орусияга кетишине жардам берээрин айтып шарт койгон. Бул иш 16 жылга созулуп кеткен.

«Мен ал жакта кул болуп жүрдүм. 16 жыл бою менде бир дагы дем алыш болгон жок. Таң аткандан күн баткыча иштедим. Узун-туурасы бир жарым метрлик “үңкүрдө” жашадым. Мага ал тургай ырахмат да айтып коюшкан жок», — дейт Черненький.

«Мени күт» берүүсүнүн кабарчысы Татьяна Захарова ага Талас облусунун Орто-Арык айылындагы кашардан качууга жардам бергенин айткан.

Захарованын айтымында, ал «мурдагы кожоюндарынан», эмне үчүн алар орусиялык жаранга үйүнө кайтууга жардам беришпегенин сураган. Бул суроого Черненький аялына кат жазып жардам сураганы, бирок ал жооп бербегени тууралуу жооп уккан.

«Ал тургай ошол жакта иштеген биздин кошуналарыбыз, Сергей берген дарек менен барышкан экен, бирок аялы ага мунун кереги жок экенин айтыптыр. "Каалаган жагыңарга алып кете бергиле" деген экен», — деди ал.