Милиция кызматкерин койдуруп кеткен УКМКнын кызматкери үй камагына кое берилди

Марттын башында курчоодо турган милиция кызматкерин койдуруп кеткен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери тергөө убагына үй камагына бошотулду. Экспертиза атайын кызматтын өкүлү жол кырсыгында мас абалында болгонун көрсөттү.

Башкы прокуратуранын басма сөз борборунун кызматкери Алмамбет Абдраманов Kloop.kgге Аскердик сот тергөө убагына шектүүнү үй камагына кое бергенин билдирди.

«Азырынча тергөө улантылып жатат, бирок анын мас болгонун буга чейин эле экспертиза көрсөткөн», — деди Абдраманов.

Иликтөөнү Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизону жүргүзөт.

УКМК кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, анын натыйжасында күнөөлүү жазасын алаарын билдирди.

Жол кырсыгы 6-март күнү кечинде Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектинде (мурдагы Тынчтык проспекти) УКМКнын тогузунчу башкармалыгынын гараждарынын жанында болгон.

Милиция кызматкерлери ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин отурумуна байланыштуу курчоодо турушкан. Алардын бирин УКМКнын кызматкери автоунаа менен койдуруп кеткен. Жабыркаган милиция кызматкери бутунан жаракат алган.

Автоунаа коюп кеткен милиция кызматкери Бишкектин Октябрь РИИБнин оперативдүү кызматкери болуп иштейт.


ТЕМА БОЮНЧА: