Сот Жапаровдун 12 тарапкерин эки айга камакка алды

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун митингде кармалган 12 тарапкери эки айга камакка алынды. Арасында кармалган саясатчынын эки уулу жана эки бир тууганы бар.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жапаровдун 12 «эң жигердүү» тарапкери соттун чечими менен эки айга камакка алынганын билдирди. Камалгандардын арасында кармалган мурдагы депутаттын эки уулу жана эки бир тууганы бар.

«Мен алар менен байланыштым, Жапаровдун туугандарынын шарттары башкаларыныкындай эле. Алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоо изоляторунда отурушат», — деди ал.

Кармалгандар Кылмыш кодексинин үч беренеси — «Ээн баштык», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» жана «Мүлккө зыян келтирүү» боюнча өтүп жатышат.

Жапаровду колдогон митинг

Бишкекте 25-мартта Жапаровду колдогон митинг болгон. Мурдагы депутат Кыргызстанда төрт жыл бою болгон эмес, бирок ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке көрсөтмө бергени чакырылган. Ал кыргыз-казак чек арасынан өткөндөн кийин аны укук сакчылары кармап кетишкен.

Мурдагы депутаттын тарапкерлери УКМКнын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгып, аны бошотууну талап кылышкан.

Митингдегилер 16:00дөн кийин милициянын курчоосун бузуп өткөнгө аракет кылышкан, анткени Жапаровдун адвокаты сурак ошол маалда бүтмөк болгонун айткан.

Митингдегилер милиция кызматкерлерине таш жана шише ыргыта башташкан. Ошондон кийин укук сакчылары митингдегилерди кармап, кууп таратышкан.

Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 105 киши кармалып, алардын ичинен 64 киши эки суткадан беш суткага чейин камакка алынган. Дагы 12 киши 1500 сом штрафка жыгылган. Митингдин башка катышуучулары эскертүүчү сүйлөшүүдөн кийин кое берилген.

Жапаров өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө изоляторунда отурат. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 28 апрелге чейин тергөө аяктагыча камакка алынган.

Ал 2013-жылы «Кумтөрдү» мамлекетке алыш үчүн уюшулган Караколдогу митингди «каржылаган» деп айыпталууда. Атайын кызмат өкүлдөрү митингчилер ошондо анын көрсөтмөсүн аткарып ошол кезде Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турган Эмилбек Каптагаевди барымтага алган дешет.

Сүрөт: Данил Усманов


ТЕМА БОЮНЧА: