Акыйкатчы Бишкектин кабылдап-бөлүштүргүчүндөгү шарттарды «кыйноо» деп атады

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкек ШИИБинин кабылдап-бөлүштүргүчүндө кармалгандардын шартын текшерип чыгып, аны «кыйноо» деп атады. Акыйкатчынын пикиринде кызматкерлердин иштөө шарты «адамгерчиликсиз».

Оторбаев Бишкек ШИИБинин кабылдап-бөлүштүргүчүн көрүп келди, ал барганда аякта 74 киши болгон.

Жалпысынан кабылдагычта 150 кишиге эсептелген 26 камера бар. Бирок Кубат Оторбаевдин билдирүүсү боюнча адамдарды кармаганга сегиз гана камера жарактуу, ошондуктан аларда 10-15тен киши кармалат.

«Бирок ал камераларды деле жарактуу деп айтыш кыйын. Имараттын баары башынан оңдоого муктаж: жылуулук системасы, желдетмеси, канализациясы жана санитардык түйүнү иштебейт, чатырдан суу агат, пайдубал да жок, ал кирпичтен жасалган», — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы мекеме кызматкерлеринин эмгек шартын «адамгерчиликсиз» деп атады.

Кабылдап-бөлүштүргүчтөгү шарт ал жакка сөз эркиндиги үчүн тынч жүрүштүн беш катышуучусу камалган соң талкуулана баштаган. Демонстранттар беш сутка бою камакта отуруп, камактын адамгерчиликсиз шарттары тууралуу арызданышкан.

«Сөзсүз эле башына целлофан мүшөк кийгизип же бөйрөккө согуш керек эмес. Биз үчүн кыйноо камак шартынын өзү болду […] Суук, тамак бир эле жолу берилет, түштө макарон кошулган суу менен бир аз нан беришти», — деди жарандык активист Расул Умбеталиев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ал камактагыларга иш жүзүндө сейилдегенге убакыт берилбегенин кошумчалады. Умбеталиевдин айтымында, камалгандар атынан чакырылган убакта гана камеранын тышына чыгышкан. Ушундай шарттардын айынан активисттер кабылдап-бөлүштүргүчтү «XXI кылымдагы кыргыз концлагери» деп атап алышкан.

«Концлагерлерде деле секичелер болгон. Бул жерде эч кандай секиче жок. Жөнөкөй жыгач керебет, камеранын ичиндеги ачык даараткана бар, камерада 22 киши кезек менен уктап жатты», — деди активист Азамат Аттокуров.

Укук коргоочу Бурул Макенбаева башкалаадагы кабылдап-бөлүштүргүчтү «конституцияга каршы мекеме» деп атады. Анын айтымында, укук сакчылары кабылдагычка көп учурда майда тартип бузган кишилерди алып келип, кийин аларды кое бериш үчүн акча алышат.

Макенбаева бул мекеменин жабылышы тууралуу маселе көптөн бери коюлуп келатканын айтты.


ТЕМА БОЮНЧА: