УКМК: Талоончулук фактысы боюнча «Ата Мекендин» мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов кармалды

УКМКын кызматкерлери «Ата Мекендин» мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду кармап, ага талоончулук боюнча айып коюшту. Ал УКМКын ТИЗОсуна киргизилип, эми ал жакта тергөө бүткүчө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, «Ата Мекен» партиясынын парламенттеги мурдагы депутатына Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып коюлду.

Ал «каракчылык уюштуруу», «мүлккө атайылап зыян келтирүү же жок кылуу» жана «жарылуучу заттарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо» боюнча айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Төлөгөнов 2010-жылы кеңселерди, турак үйлөрдү, анын ичинде бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык болгондорун тоногон адамдарды жетектеп жүргөн.

«Тергөө тарабынан материалдар жана күбөлөрдүн, анын ичинде бул кылмыштарга катышкан адамдардын көрсөтмөлөрү табылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төлөгөнов камакка алынып, тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Бул иш боюнча иликтөө уланууда.

2013-жылы эле Төлөгөновго каршы ушундай кылмыш иши козголгон. Анда иш боюнча «Ата Мекендин» башка депутаттары — Турат Мадылбеков, Болот Шер жана Өмүрбек Текебаев өтүшкөн. Бирок ал кезде иш токтотулган. 2015-жылы Төлөгөнов «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткен.

«Атамекенчилерге» каршы кылмыш иштери

Мурда Башкы прокуратура «Ата Мекен» партиясынын депутаттарына каршы үч кылмыш ишин козгогон.

Партиянын башчысы Текебаевге каршы орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынан улам «Коррупция» жана «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Ишкердин айтымында, Текебаев андан «Мегаком» компаниясын башкарууну колго алууга жардам бериши үчүн миллион доллар пара алган. Азыр ал УКМКын ТИЗОсунда тергөө аяктагыча отурат.

Депутат Аида Саляновага каршы «Кызмат абалынан ашыра пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Салянова в 2010-жылы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген. Ал эч жакка кетпестиги тууралуу тил кат жазып берген.

Дагы бир депутат Алмамбет Шыкмаматовго каршы 2010-жылы Эсептөө палатасы үчүн кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдөгү «коррупция» жана «документтерди бурмалоо» боюнча кылмыш иши козголгон.


ТЕМА БОЮНЧА: