№ 1-ТИЗОнун башчысынын орун басары пара сураганы үчүн кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкектеги № 1-ТИЗОнун башчысынын орун басарын 87 миң сом пара сураганы үчүн кармады. Ал азык-түлүк жеткирүү боюнча тендерде пара талап кылган.

УКМКнын кызматкерлери тергөө изоляторунун башчысынын орун басарын пара алып жаткан жеринен 29-мартта кармашкан.

Кармалган киши  № 1-ТИЗОго азык-түлүк жеткириш үчүн тендерде 87 миң сом пара тооруган.

Атайын прокуратура «Пара тооруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган аткаминер УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Мурда Каржы полициясы Мамкурулуштун аткаминерин 1500 доллар (103 миң сом) пара алып жаткан жеринен кармаган.

Ал Бишкектеги бир фирманын директорунан курулушка лицензия алуу боюнча маселени «оң жагына чечип бериш үчүн» пара сураган. Аткаминер Бишкек милициясынын убактылуу кармоо изоляторуна камалды, тергөө жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: