Акыйкатчы президентти «Заноза» менен «Азаттыкка» каршы берген доо арыздарын кайра карап чыгууга чакырды

Акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Алмазбек Атамбаевди жана Башкы прокуратураны «Заноза» менен «Азаттыкка» каршы берилген доо арыздарды өндүрүү талап кылынган компенсация жагынан кайра карап чыгууга чакырды. Ал ошондой эле судьялар бул маалымат каражаттарынын эсебин камактан чыгарышы керек деп эсептейт, анткени бул жагдай редакциялардын ишин чектеп жатат.

Оторбаевдин айтымында, Кыргызстандагы сөз эркиндиги тынчсыздангыдай абалда.

«Мен соттор корпусун жана бийликти “Заноза” жана “Азаттык” интернет-басылмаларынын эсептерин камакка алуудан баш тартууга чакырам, анткени бул алардын ишин чектеп жатат. Мен ошондой эле президент менен Башкы прокуратурага доо арыздарын акчалай жагынан кайра карап чыгууну сунуш кылам», — деди ал.

Ал ЖМКны калыс соттук териштирүү шартында жазаласа болоорун, бирок аларга каршы миллиондогон доо арыздарды берүү туура эмес экендигин айтты.

Анын айтымында, журналисттер менен ЖМК жаңылыштык кетирген учурлар бар, бирок бул маселелерди сотко чейин чечсе болот.

ЖМКга каршы доо арыздар

2017-жылдын март айынын башында Башкы прокуратура «Азаттыкка» каршы эки, «Занозага» каршы үч доо арыз берди. Алардын баары президент Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн берилген.

Биринчи доо арызга «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынынан алынган материалдардын жарыяланышы себеп болгон.

Оппозициячыл партиянын юристтери Бишкектин жанында кыйраган «Боинг-747деги» жүк Атамбаевге жана анын аялына тиешелүү экенин айтышкан.

Ал кезде Башкы прокуратура басылмалардын редакцияларын «жалган маалымат тараткандыгы» үчүн айыптап, президент тарткан моралдык зыяндын компенсациясы үчүн «Занозадан» 3 миллион сом, 10 «Азаттыктан» миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

«Азаттык» менен «Занозага» каршы экинчи доо арызды Башкы прокуратура президент Кипрде мүлкү бар экенин айткан «Ата Мекендин» башчысынын билдирүүсүнөн улам берген.

Башкы прокуратура маалымат каражаттарын окуяны «калыс чагылдырбай койгон» жана «текшерилбеген маалыматтарды тараткан» деп айыптаган. Президенттин моралдык зыяны бул жолу да «Заноза» үчүн 3 миллион сом, «Азаттык» үчүн 10 миллион сом болду.

Аталган маалымат каражаттары доо арыздарды негизсиз деп эсептешет, анткени алар жарыяланган материалдардын билдирүүлөрүн сөзмө-сөз жарыялашкан.

Үчүнчү доо арызды Башкы прокуратура «Занозанын» тең төрагасы Нарынбек Идиновго жана редакциянын өзүнө каршы берген, ага президенттин кайрымдуулук иштери тууралуу 2015-жылы жарык көргөн материал себеп болгон.

«Миллионы от президента: за чей счет банкет на самом деле» («Президент берген миллиондор: чынында банкет кимдин эсебинен?») деген макалада Идинов президенттик фонддордогу акчанын кайдан келгенине кызыгат.

Башкы прокуратура президенттин ар-намысына шек келтиргендиги үчүн андан үч миллион сом өндүрүп берүүнү суранган.

Идиновдун пикиринде, президент ЖМКга кысым көрсөтүп, өз ыйгарым укуктарынан аша чаап жатат.

«Күч органдарынын баары президенттин колунда, бул тең салмактуулук эмес. Сотторду президент дайындайт, УКМКнын төрагасы президент дайындайт, башкы прокурорду дагы, тең салмактуулук бузулган абал эмитен эле түзүлдү», — деди ал.

Ленин райондук соту бул маалымат каражаттарынын мүлкүн ушул доо арыздардын алкагында камакка алды. Идиновдун мүлкү менен эсептери да камакка алынды.

Авторлошу: Марат Абдыкалыков
Сүрөт: «Азаттык»


ТЕМА БОЮНЧА: