Айбанаттарды атууга тыюу салуу жөнүндө депутаттар үчүнчү окууда колдобой койгон мыйзам долбоорунун авторлору документти кайра иштеп чыгууга камынышууда. Депутаттар аңчылык кылууга уруксат берилген жаныбарлардын тизмесин кыскартканы жатышат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда жапайы айбанаттарды атууга 2030-жылга чейин мораторий киргизмекчи болушкан, бирок бул демилге парламентте үчүнчү окууда колдоо тапкан эмес. Айбанаттарды атууга тыюу салууга 56 депутат каршы чыгып, 52си колдогон.

Депутат Осмонбек Артыкбаев добуш берүү учурунда кызмат сапарында болгонун айтты.

«Мен үчүн бирөө каршы деп басып коюптур. Мен түзөтүүлөрдүн демилгечилеринин бири болсом кантип каршы болмок элем?» — деди Артыкбаев.

Депутат кесиптештери менен түзөтүүлөрдү ийине жеткирип иштеп жатканын билдирди. Эми ал аңчылыкка толук тыюу салууну эмес, аңчылык уруксат берилген жаныбарлардын тизмесин кыскартууну сунуш кылууда.

«Биз айлана-чөйрөнү коргошубуз керек. Панданы көрүп келиш үчүн 30 миллион турист барып жаткан Кытайды карагыла. Жаратылышты коргоо аркылуу мамлекет ал жакта пайда көрүп, киреше таап жатат», — деди Артыкбаев.

Марттын ортосунда парламент депутаттары илбээсиндерди атууга тыюу салууну четке кагып, бул коомдук резонанс жараткан.

Ошондон кийин айрым парламент өкүлдөрү эмне үчүн ага каршы добуш беришкенин түшүндүрө албай коюшкан, башкалары болсо техникалык катага шылташкан.

Эколог Дмитрий Ветошкин мыйзам долбоорун четке кагууну «жаныбарларга жапайы мамиленин көрүнүшү» деп атаган эле.

«Мен аңчылыкка каршымын, мен мораторийди колдойм. […] Аңчылыктан түшкөн акча айбанаттардын тукумун сактап турууга жумшалат деген тезистин баары — келжиректик. Айбанаттарды атып, андан акча алып, анан кайра ал акчага айбанаттарды колдоо — тишиңди агартыш үчүн бөйрөгүңдү саткан менен эле бирдей», — деген Ветошкин.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here