Мурдагы депутат Төлөгөновдун уулу: атайын кызмат агама кысым көрсөтүп, Текебаевге каршы көрсөтмө алгысы келип жатат

«Ата Мекендин» мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөнов УКМК кызматкерлери анын түрмөдө отурган агасынан оппозициячыл депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Садык Шер Ниязга каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып жатышканын билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Иса Төлөгөновдун билдирүүсүн ишти «саясий тегиздикке» алып кетүү аракети деп эсептейт.

Иса Төлөгөновдун айтымында, эгерде анын агасы Муса Төлөгөнов Шер Нияз менен Текебаевге каршы көрсөтмө бербесе аны шарттуу түрдө кесип мөөнөтүнөн мурда коё беришпейт, ал эми атасы камакта калат.

«Бул жерде атамдын эркиндиги тууралуу маселе коюлуп жатат. Алар аны жөн эле узак убакытка жаап салышы мүмкүн. Агамды да коё бербей коюшу мүмкүн. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу кесилип чыга турган убагы келип калганына карабастан, ага ал өзү да, атам да чыкпай турагнын айтышкан», — деди ал.

Иса Төлөгөнов атасынын ден соолугуна кабатырланууда. Анын айтымында, камалаарда бир жума бою Райкан Төлөгөнов дарыланып жүргөн.

Төлөгөновдун уулу агасы атасын куткарып, өзү да эркиндикке чыгыш үчүн эмгиче атасынын мурдагы партиялаштарына каршы көрсөтмө берип койгон болушу мүмкүн экенин божомолдоду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата Мекен» партиясынын айрым мүчөлөрүнүн 2010-жылдагы талоончулукка тиешеси бар экенин тергөө далилдей алды деп билдирди.

«“Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын жана кармалган Төлөгөновдун туугандарынын айткан сөздөрүн биз жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликтен качыш үчүн талоончулук боюнча кылмыш ишинин фактыларын саясий тегиздикке өткөрүү аракети деп эсептейбиз», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Парламенттин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду атайын кызмат 28-мартта 2010-жылдагы талоончулук боюнча айып коюп кармаган. Төлөгөновдун улуу баласы да ушул эле кылмышка күнөөлүү деп табылган. Ал 13 жылга кесилип, беш жылын эмгиче өтөп бүттү.

2013-жылы Төлөгөновго каршы ушундай эле кылмыш иши козголгон. Анда иш боюнча «Ата Мекендин» башка депутаттары — Турат Мадылбеков, Болот Шер жана Өмүрбек Текебаев өткөн. Бирок ал иш токтотулган. 2015-жылы Төлөгөнов «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: