Курман Жолдошев 2017-жылдын март айынын ортосунда YouTubeдун «Алтын баскычына» ээ болду. Бул сыйлык өз каналында миллион жазылуу топтогон авторлорго берилет. Kloop.kgге курган маегинде Жолдошев кантип балдарга арналган видеороликтер менен он миңдеген доллар иштеп таап, ийгиликке жетип жатканы тууралуу айтып берди.

Жолдошев YouTubeдан күмүш (биринчи 100 миң жазылуучу үчүн) жана бир алтын баскыч (биринчи бир миллион жазылуучу үчүн) алган алгачкы кыргызстандык болуп калды. Анын балдарга арналган музыкалык видео тасма каналдарынын биринде азыр 1 600 000ден ашык адам жазылган. Анын тасмалары орточо эсеп менен 80 миллион жолу көрүлгөн.

Баяндоо Курман Жолдошевдин атынан жүрөт.

Билимим боюнча мен финансистмин жана 2012-жылга чейин негизинен каржы менен алектенгем. Андан кийин сайттарды өнүктүрүү жана жарнамалоо чөйрөсүнө кирип кеттим. Биз долбоорлорду орус интернет сегменти үчүн жасап жүрдүк. 2014-жылы кризис башталганга чейин баары жакшы болчу. Рублдин наркы түшкөндөн кийин биз көп чыгашага учурадык. Ага кошумча жарнама базарында талап төмөндөп кеткен.

Ошондо мен акча иштеп табуунун башка жолдору жөнүндө ойлоно баштагам. Адегенде Батыш базарына өтүшкө туура келди. Биз англис тилиндеги сайттарды жасап илгерилеткибиз келген, бирок бул багыт эбак эле толуп калган экен. Ошондуктан бизге башка бир нерсе издегенге туура келип, анан биз көксөгөнүбүзгө жеттик.

Курмандын видео тасмаларынын биринен скриншот.

Биз YouTubeга өттүк. Башында баарын өзүм кылчумун: өзүм ойлонуп, өзүм жазып, өзүм музыка издеп, анан өзүм тасмаларды монтаждачумун.

Балдарга арналган таттуулар жөнүндөгү стандарттык видео болжолдуу бир саатка созулат жана аларды жаратууга өтө көп убакыт кетет. Мурда, өзүм жалгыз иштеп жүргөндө, бир мүнөттүк видео тасмага менин бир күнүм кетчү.

Кийин бизнести кеңейтиш керек болду. Мен адамдарды издей баштадым. Кыйын болду, анткени Кыргызстанда графика, дизайн жана анимация чөйрөсүндөгү адистер анча көп эмес. Биз кулактандырууларды берип, бизге келгендер күткөнүбүздөй болгон жок.

Бул көйгөйдү чечиш үчүн биз ушул багытта адистерди даярдап чыгарган жогорку окуу жайларына байланышка чыгып, алар менен келишим түзө баштадык. Акырындык менен жаштардан турган команданы түзүп алдык. Азыр болсо кесипкөй сценаристтер, аниматорлор жана кадр адистери менен иштейбиз. Бир каналда 20га чейин адам иштейт. Биздин көп каналыбыз бар жана ар бир канал үчүн өзүнчө ар түрдүү контент даярдалат. Каналдардын окшош жагы — бул видео тасмалардын балдар үчүн болгонунда.

Курмандын видео тасмаларынын биринен скриншот.

«Биз блогер эмеспиз»

Блогерлер каналдарды ачып, ал жерде өз жазылуучуларына жашоосу тууралуу айтып беришет. Алар өздөрүнө эмне жакканы тууралуу же кандайдыр бир маселени талкуулаганы жөнүндө видео жаздырып чыгарышат.

Ал эми биз болсо максаттуу түрдө балдар үчүн тасмаларды жаратабыз. Кыргызстанда туруп эле биз чет элдик базарга чыгып иштейбиз.

Бизди контент даярдоо менен алектенген ютубчулар деп атап койсо болот. Биздин Google компаниясы менен түздөн-түз байланышыбыз бар. Алар бизге түз эле табыштама беришет, биз болсо даярдап жөнөтөбүз.

Көпчүлүгү бул узун видеолорду түшүнө беришпейт. «Бул эмне? Мен бул жерге кантип келип калдым? Эмне жөнүндө кеп болуп жатат? Мен эмнени көрүп атам?» деп пикир жазып, суроо салган адамдар бар. Бирок бул тасмалар балдарга арналган, алардын психологиясы таптакыр башкача. Алар жөн эле көргүсү келет: аларга сюжет барбы-жокпу маанилүү деле эмес.

Эгер чоңдор үчүн тасмаларды жасаш керек болсо, анда үч баскычтуу драматургия, түзүлүш, калыптар, кандайдыр бир максат жана сюжет болушу керек. Беш жашка чейинки балдар муну түшүнбөйт: аларга жакшы бир сүрөт, анимация жана жөнөкөй обон гана керек. Алар угуп, анан жөн эле көрө беришет. Ошол атмосферага кирип кетишет.

Биз болсо бул форматты ойлоп тапкан эмеспиз, болгону Батыштагы балдардын арасында популярдуу болгон нерсени гана таап алып, ошого окшош нерсени жарата баштадык.

Курмандын командасы иштеген студия.

Биз кантип акча табабыз?

Google компаниясынын YouTube-контентти соодалоо менен алектенген борбору бар. Бул жарнама берүүчүлөр келип, жарнамаларды табышташат. Аларды видео көрүп жаткан учурда сайтта көрсөтүшөт. Ушул жол менен YouTube акча иштеп табат. Биз дагы ушул жол менен эле акча табабыз.

Бизде бул көп деле билинбейт, анткени кыргыз YouTubeунда дээрлик жарнама жок. Бирок чет өлкөдө тасма көрө турган болсоң, көбүнчө сыналгылардын же чаң соргучтардын жарнамасы секирип чыга калат.

Ал эми балдар темасындагы видео болсо, анда оюнчуктар же болбосо бул чөйрөдөгү дагы ар кандай нерселер жарнамаланат. YouTube өзү маалыматты изилдеп чыгып, анын тематикасына жараша жарнамаларды тандап чыгарат. Тактап айтканда, эгерде балдарга арналган тасма болуп жатса, ал жерге тиричилик техникасынын жарнамасын чыгарбай, балдар үчүн кандайдыр бир нерсени көрсөтүшөт.

Миллион жолу көрүлгөн бир видео үчүн биз болжолдуу 500 доллар алабыз. Ошол видеолордун канча жолу көрүлгөнүн көзөмөлдөгөн Googleдун өзүнүн борбору бар. Андан соң иштеп тапкан акча эсептелип, каражат биздин банк эсебибизге жөнөтүлөт.

Эмне үчүн биз мекенибизде белгилүү эмеспиз?

Биздин каналдарыбыздагы видеолорду негизинен Америкадагы, Австралиядагы, Канададагы жана Англиядагы балдар көрүшөт. Биз англис тилдүү өлкөлөр үчүн контент даярдайбыз. Бирок аналитикадан да байкаганыбыздай, тасмаларды Бразилиядан, Франциядан, Жапониядан, Таиланддан жана Индиядан да көргөндөр бар экен. Бул өлкөлөрдө англис тили кеңири эле жайылгандыктан, бала эгерде англис тилдүү болбосо да, баары бир Googleдун котормо функциясы бар да.

Кыргызстан үчүн биз өз каналдарыбызды атайылап эле жарнама кылбайбыз. «Фэйсбукта» дайым эле «каналыңар кайда?», «шилтемелерин бербейсиңерби?» деп сурашат.

Бирок кептин баары ушунда: эгерде Кыргызстандан адамдар кирип көрө башташса, анда YouTube алгоритмдери биздин тасмаларыбызды кыргыз интернетинде да илгерилетиш керек окшойт деп ойлоп калышы мүмкүн.

Бул болсо бизге ыңгайсыз, анткени алгоритмдер биздин видеолорубузду чет өлкөдө көрсөтпөй коюп, биз болсо кирешебизден кол жууп калабыз.

«Тасмаларыбыздын биринде Жөргөмүш адамдын көкүрөгүндөгу белгинин ордуна кыргыз оймосун коюп койгонбуз. Балким, чет өлкөдө биздин оймобузду кимдир бирөө көрүп, бул кимдин өндүрүшү экенин түшүнүшү мүмкүн», — дейт Курман. Ал өз каналдарына шилтеме бербөөнү өтүндү, анткени бул анын бизнесине залакасын тийгизип калышы мүмкүн.

Биз кантип «Алтын баскычка» ээ болдук?

YouTubeдан «Алтын баскычты» мен өзүмдүн эки жылдан бери «таптап» келаткан биринчи каналым үчүн алдым.

Тагыраагы, бул каналды биринчи жылы Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын арасында жайылтайын деп аракет кылгам, бирок бул жерде бир дагы адамды кызыктырган жок. Ошондо мен англис тилдүү өлкөлөргө өтүүнү чечип, бир жылдын ичинде миллион жазылуучу топтодум.

Пираттык, уурдалган контент менен деле жазылуучуга ээ болсо болот эле, бирок мындай каналдар үч айдан ашык жашай алышпайт. Бул убакыт аралыгында көп деле акча таба албайсың, ашып кетсе 20 миң доллар болот.

Бир убактарда мен Орусияда да жашап, ушул жол менен акча тапкан балдар менен баарлашкам. Алар күчтүү компьютерлерде видео жасап, YouTubeдун алгоритмдеринен буйтап өткөн программалар аркылуу иштеп, жүздөгөн каналдарды ачышып, ошондой эле сим-карталарды сатып алышып, ошол эле видеолорду жүктөй беришет. Анан дүйнөлүк желеде уу-дуу башталат. Баары ошол тасманы көрүшөт. Кийин YouTube ошол видеону өчүргөнгө чейин алар акчасын банктан чыгарып кеткенге үлгүрүшөт.

Бирок мен бул схема менен иштегим келген жок. Мен кандайдыр бир автордук эмгек жараткым келди. Ошондо мен балдардын видеосу менен алектенейин деп чечтим. Мындай видео тасмаларды аябай көп көрүшөт: YouTubeдун топ-10 каналына көз сала турган болсок, алардын 6-7дейи балдарга арналган каналдар.

Курман алган «Алтын баскыч» менен «Күмүш баскыч».

Балдар таттууларды жакшы көрүшөт. Алар ошол видеону баспай, көрбөй коё алышпайт. Чупа-чупстар, мисалы, жөн эле тандалып калган жок. Бизди жер жүзүнүн ар кайсы бурчунан көрүп жатышкандыктан дүйнөдөгү бардык балдарга тааныш болгон таттууну тандаш керек болду. Чупа-чупстар кандай гана аталбасын, бирок аларды бардык балдар билет жана жакшы көрөт.

YouTube ата-энелерге жардам берет. Алар жумуштан чарчап үйгө келгенде эс алгысы келет. Ал эми балдар болсо ата-энелеринен өздөрүнө көңүл бурууну талап кыла беришет. Анан улуулар жөн эле телефондорду балдарынын колдоруна карматып, видеону ачып берип, аларды бир нерсе менен алаксытып коюшат.

Менин да эки балам бар, бири беш, дагы бири алты жашар. Балдарыма тасмаларымды көрсөтсөм аларга жакты. Бирок, чынын айтсам, алар көп убактысын желеде өткөрүшүн каалабайм. Үйдө биз интернетти өчүрүп койгонбуз. Баары жакшы. Алар фантазиясынын өнүгүшүнө жардам берген жөнөкөй оюнчуктарды ойношот.

Азырынча алардын интернетсиз эле жашаганы жакшы. Бала компьютерде, өзгөчө YouTubeда көп отурса, ал өтө чоң таасир астында алат. Мен өзүм ал жерде кандай контент киргизилээрин билем. Ушундан улам интроверт болуп, досторуң менен жакшы сүйлөшө албай каласың.

Бирок, албетте, мен ооруп калып, жубайымдын колу бошобой калса, балдар «мага көңүл бур» дейт, ошондо телефонду алып берип койгон учурлар болот. Кээде бул куткарат, бирок балдарымдын кадыресе оюнчуктар менен ойношун каалайт элем.

Менин да балалык кезимде эң жакшы көргөн оюнчугум ширеңке болчу. Совет убагында үйдө ширеңке кутулары турчу, мен аларды ачып, аскерлерди тизип, эки жаатка бөлүп ойночумун.