Жогорку сот Текебаевдин камакка алынышын караган эмес

Жогорку сот оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы тууралуу маселени 29-мартта караган жок. Анткени Текебаевдин адвокаты мурдагы инстанцияда чечимге каршы даттанууга үлгүргөн эмес. Азыр оппозициячы депутат Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакта калууда.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Текебаевдин адвокаттары саясатчынын камакка алынышына каршы даттануу жагынан кечигип калышканын билдирди. Жогорку сот депутаттын камакка алынышы боюнча чечим чыгарган эмес.

Токтошеванын түшүндүргөнүнө караганда оппозициячынын адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы беш күн ичинде, 15-мартка чейин даттанышы керек болчу. Бирок камакка алууга каршы даттануу тууралуу жөнүндө арызды алар 23-мартта гана беришкен.

«Соттук отурум Жогорку сотто 40 мүнөткө жакын болду. Бардык процессуалдык нормалар сакталган, прокурорго, Текебаевдин жактоочусуна да сөз берилген. Буга соттук протокол жана видеоматериал далил катары бар», — деп билдирди ал.

Бирок оппозициячы Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырганын жана Текебаев камакта 25-апрелге чейин калаарын билдирген.

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Наталья Никитенко өкүмдү мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирди.

«Сот таасирге алдырып жатат. Мен соттун чечиминен абдан көңүлүм калды, биздин өлкөдө адам укуктары сакталбайт», — деди ал.

Текебаевдин жүздөй тарапкери 29-мартта Эски аянттагы Жогорку соттун жанында саясатчыны колдоп митинг өткөрүшкөн. Алар аны бошотууну жана бийликтин оппозицияга кысымын токтотууну кайрадан талап кылышкан.

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевди колдогон митингдер ал 26-февралга караган түнү аба майданында кармалганда эле башталган.

Ага каршы орусиялык ишкер Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский Текебаевге 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн 1 миллион доллар бергенин билдирген.

Текебаевдин иши боюнча иликтөө уланууда, ал УКМКнын тергөө изоляторунда отурат.