«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Наргизанын окуясы

«Бир жолу мени ала качып кетишти» түрмөгүндөгү акыркы тасмада авторлор ала качууга дуушар болгон бир кыздын окуясын айткысы эле келген эмес. Бул видеодо ала качууга туш болгондо өзүңдү кантип алып жүрүшүң керек экени боюнча универсалдык нускама да бар.

Долбоордун автору жана сүрөтчү: Татьяна Зеленская. Монтаж жана анимация: Егор Танков. Баяндоо автордун атынан жүргүзүлөт.

Бул түрмөктөгү акыркы тасма. Муну эң акырында көрсөтүшүн каалаган элем, анткени  менин оюмча бул — түрмөктөгү эң негизги тасма.

Бул видео тасманы кыздар бир жол көрсөткүч же нускама катары көрүшүн каалайт элем: кантип өзүн алып жүрүп, өз укуктарын билип жана коргоп, милиция менен коркутуп, ала качкандар канча жылга камалып кетээрин айтышы керек. Мыйзамга киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ала качкандар 5 жылдан 10 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Кызды ала качууну ойлонуштуруп жүргөн жигиттер же болбосо алардын туугандары мунун кесепеттерин билиши керек экенин каалайт элем. Ала качканы үчүн алар соттолуп, камалып кетиши мүмкүн.

Наргизадан баары баш тартышкан. Аны ала качууну тай эжеси уюштуруп, ал эми Наргизанын апасы аны каршылык көрсөтпөй ала качкан жигит менен калууга көндүрүүгө аракет кылган. Наргизага эч ким жардам бергиси келген эмес.

Бирок ошого карабастан ал өз укуктарын коргоп калган. Ала качкан кишинин туугандарын милиция менен коркута баштаганда алар ооздорун жаап калышкан. Чечкиндүүлүк менен мыйзамды билгени Наргизаны сактап калган.

Азыр ал бактылуу. Жакшы карьера жасап, апасы менен элдешкен.

Кыздар, мен силерге кайрылат элем, силер дагы бактылуу боло аласыңар. Ала качкандардын айткандарына ишенбегиле. Мындай шартта силер баарын туптуура кылып жатасыңар, алардыкы туура эмес.

Эч качан багынып бербегиле.

Мына ушундай сөздөр менен ала качкан жигиттин туугандары кызга басым жасашкан.

Ала качуу

Күн сайын өлкө боюнча 10дон 30га чейин кыз ала качууга туш болот. Акыйкатчы институтунун расмий маалыматына ылайык, жыл сайын Кыргызстанда 8000 кыз ала качууга туш болуп, алардын 20 пайызы гана ала качкан жигит менен турмуш куруудан баш тартат.

Никеге туруш үчүн кыз ала качуу 2012-жылдын декабрынан тартып кылмыш жообуна тарта турган иш болуп калган. Андан бери кыз ала качуу үчүн 7 жылга эркинен ажыратуу каралып келет. Бирок андан бери бүтүндөй 2015-жылы болгону 25 кылмыш иши козголгон.

Аялдардын укуктарын коргоо жаатындагы эксперттер кыздардын «жаңы» үй-бүлөлөрдө калышынын негизги себеби — улуулардын басымы деп эсептешет.


«Бир жолу мени ала качып кетишти…» түрмөгүндөгү башка тасмалар: