Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан үч киши күйүп кетти

Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош кан жолунда «Honda Fit» жеңил автоунаасы менен бензин ташыгыч автоунаа кагылышып, жеңил автоунаадагы үч киши күйүп кетти.

Жол кырсыгы эртең менен Бишкек-Ош жолунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болду.

Бензин ташыгыч менен жеңил автоунаанын кагылышуусунан улам экөө тең күйө баштады. «Honda Fitтин» үч жүргүнчүсү өрттөнүп кетти.

Окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчүлөр тобу иштеди.

Азырынча өрттүн себептери белгисиз. Жол кырсыгынын себептери да аныктала элек.

ӨКМ билдиргендей, эки автоунаа тең жолдун четине чыгарылды. Кан жолдо кыймыл кайрадан уланууда.