ИИМ «Ата Мекендин» юристтерине «жалган билдирүү» үчүн кылмыш ишин козгоду

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы «Ата Мекен» партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге каршы кылмыш ишин козгоду. Алар «атайылап жалган билдирүү жасаган» деп айыпталууда. Юристтер буга алар Атамбаевге психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү өтүнүшкөнү себеп болду деп эсептешет.

ИИМдин Башкы төргөө башкармалыгы «кылмыш тууралуу атайылап жалган билдирүү» беренеси боюнча «Ата Мекендин» юристтерине кылмыш ишин козгоду.

Бирок мекеме кайсы жалган билдирүү тууралуу кеп болуп жатканын түшүндүргөн жок.

«Ата Мекендин» юристтери болсо бул кылмыш иши алар президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарына укуктук баа берүүнү талап кылышканы үчүн козголгон деп эсептешет.

Атамбаев «Ата Мекен» партиясын «сасыган партия», анын башчысы Өмүрбек Текебаевди болсо «талоончу» деп атагандан кийин марттын ортосунда юристтер Токтакунова менен Азиз соттон аны психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан.

«Мамлекет башчысынын айткан сөзүнөн улам, өлкө президентинин акыл-эси жайында экендиги күмөн туудурат. Атап айтканда, саясий партиянын жана анын мүчөлөрүнүн "сасык" экендиги тууралуу сөзү ушундай», — деп билдирген анда Текебаев өз юристтери аркылуу.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Канатбек Азиз өзүнө каршы ишти «таптакыр сандырак кеп» деди.

«Бул эми таптакыр сандырак кеп, анткени иш жүзүндө эч качан андай болбойт. Атамбаев соттун чечимине таянбастан биз талоончу экенибизди айттыбы, ошентип айтты. Биз болгону ага укуктук баа берүүнү өтүндүк», — деди партиянын юристи Канатбек Азиз.

«Ата Мекендин» экинчи юристи Таалайгүл Токтакунова «Фэйсбуктагы» өз барагында бийлик ага каршы кылмыш ишин козгоп кысым көрсөткүсү келип жатканын жазып чыкты.

«Эмне болуп жатса да баары жакшылыкка. Бийлик мен чабуул коюудан коргонууга өтүшүмдү каалап жатса керек. Мен баары жакшы болооруна ишенем, артка кетейин же багынып берейин деген оюм жок», — деп билдирди Токтакунова.

Kloop.kg менен болгон маекте ал өзүнө каршы кылмыш иши козголушу тууралуу маалымдама ала элек экенин айтты.

Кылмыш кодексине ылайык, юристтер 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин штраф тартып же бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Президент менен «Ата Мекендин» тиреши

Быйыл марттын башында башкы прокурор Индира Жолдубаева президент Атамбаев тууралуу «жалган маалымат тараткандыгы үчүн» «Ата Мекен» партиясынын юристтерине каршы доо арыз берген.

1-марттагы басма сөз жыйынында «Ата Мекендин» юристтери Түркиянын атайын кызматтарынан алынды деген катты журналисттерге көрсөтүп, ал кат Бишкектин жанында кулап түшкөн «Боинг-747деги» жүк президент Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин далилдей турганын айтышкан.

Бирок Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч документтин «жасалма» экенин айтып, түрк атайын кызматтары андай иштебей тургандыгын билдирген.

Башкы прокуратура президентке моралдык чыгымдын компенсациясы катары юристтерден 10 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: