Карамушкина: Украинанын Кыргызстандагы элчиси өз ыйгарым укуктарынан аша чапты

КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина Украинанын Кыргызстандагы элчиси Микола Дорошенко өз ыйгарым укуктарынан аша чапканын билдирди. Дипломат парламент депутаттары Карамушкина менен Марат Аманкулов Крымга барышын Украина менен макулдашпаганына нааразы болуп, Кыргызстандын бийлигинен парламент өкүлдөрүнө чара көрүүнү суранган.

Карамушкина Дорошенко кыргыз бийлигин депутаттардын Крымга «макулдашпай» барганына мамилесин билдирүүнү сурануу менен өз ыйгарым укуктарынан аша чапканын айтты.

Ал каалаган жагына өзү билгендей бара алам деп эсептейт.

«Бул жеке саякат болчу, аны Марат Аманкулов төлөп берген. Текшерип көрсө болот, бюджеттен бир тыйын да кеткен жок», — деди ал.

Карамушкина ошондой эле анын Крымга барышынан улам «Фэйсбук» анын аккаунтун тосуп салганын билдирди.

Буга чейин Дорошенко президентти колдогон партиянын депутаттары Ирина Карамушкина менен Марат Аманкулов Крымга макулдашпай барышканына ачуусу келип, кыргыз ТИМине нааразылык билдирген.

Элчи «Фэйсбукта» жазган постунда «Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоого» чакырган.

Дорошенко Крым Автономдуу Республикасынын оккупацияланган аймагына баруунун жана анда жүрүүнүн эрежеси бар экенин билдирип, кыргыз бийлиги тиешелүү чара көрөөрүнө үмүт артаарын билдирген.

Украина жана Крым

Украина анын чек арачыларынан өтпөй Крымга барган бардык саякаттарды мыйзамсыз деп эсептейт. Украинанын жараны болбогон адамдар Крымга барыш үчүн миграциялык кызматтан атайын уруксат алышы керек.

Ал уруксат менен Крымга Украинанын материк бөлүгү жактан үч транспорт босогосу аркылуу — Херсон облусунун Чонгар, Каланчак жана Чаплинка кириш/чыгыш көзөмөл пункттары аркылуу кирсе болот.

Крым орусиялык аскерлердин көзөмөлү астында өткөн талаштуу референдумдан кийин Орусия тарабынан 2014-жылдын мартында басып алынган.

Украина референдумду тааныган эмес жана Орусиянын аракеттерин оккупация деп баалаган.

Орусия Крымдагы аракеттери үчүн эл аралык санкцияларга кабылган. Алардын айынан да ошондон бери жарым аралга Орусиянын учактары гана бара алат.


ТЕМА БОЮНЧА: