Ош шаардык кеңешинин спикеринин айдоочусу «ичине жел туруп калып» кызыл жарыкка өтүп кеткен

Окуяны көргөн киши Ош шаардык кеңешинин спикеринин мамлекеттик номерлери тагылган кара түстүү «Митцубиси-Пажеро» жол тандабасы жолчырактын кызыл жарыгына өтүп бараткан видеону жарыялаган. Шаардык кеңештин басма сөз кызматы эреже бузулган учурда спикер автоунаада болбогонун, ал эми айдоочу кызыл жарыкка «ичине жел туруп калып» өтүп кеткенин билдирди.

Шаардык кеңештин спикери Жапарбек Ормонов түшүп жүргөн 0002 ZA мамлекеттик номерлүү жол тандабас жашыл жарыктын жанышын күтүп отурбай Ленин көчөсүнөн Совет көчөсүнө бурулуп кеткен.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматынын башкы адиси Кутман Камчиев Kloop.kg менен болгон маекте спикердин айдоочусу кызыл жарыкка «ичине жел туруп калгандыктан» өтүп кеткенин айтты.

«Анын өнөкөт гастрити бар. Ичине жел туруп кыйнап жаткан экен. Ошондуктан спикер аны үйүнө эртерээк кое берген. Балким ошондуктан эреже бузууга мажбур болгондур», — деди ал.

Шаардык кеңештин өкүлү эреже бузулуп жатканда спикер автоунаада болбогонун билдирди.

«Жапар Туратович 30-мартта кечки сегизге чейин иштеди. Айдоочуну ал кечки бештерде кое берген, иштен кийин үйгө өзү кеткен», — деди ал.

Камчиев администрация бул окуяны териштирээрин жана айдоочу мыйзам чегинде жазасын алаарын айтты.

Ош облустук ИИбинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Ош кайгуул милициясынын кызматкерлерине кайрылып, чара көрүүнү суранаарын билдирди.

Сыдыков Ленин жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде кызматтык автоунаалар жол эрежесин көп бузушаарын кошумчалады. Бул кесилиштин жанында Ош мэриясынын имараты бар.

2016-жылдын декабрында ушул эле кесилиште Ош мэри Айтмамат Кадырбаевдин айдоочусу да кызыл жарыкка өтүп кетип эреже бузган. Анын видеосу түйүндө жарыяланган.

Анда кайгуул милициясынын кызматкерлери адегенде шаар башчысынын номерин жана автоунаасын тааныбай коюшкан. Бирок коомчулук автоунаа Оштун мэрине таандык экенин далилдегенден кийин ал 1000 сом штраф тарткан.


ТЕМА БОЮНЧА: