Украинанын элчиси Карамушкинага Крымга барганы үчүн чара көрүлүшүн күтүп жатат

Украинанын элчиси Николай Дорошенко кыргыз депутаты Ирина Карамушкина Крымга барганы үчүн «чара көрүлөт» деп үмүт кылат. Карамушкина жарым аралга Орусия аркылуу барып, «жээкте сейилдеп, базарларды кыдырып» крымдыктар менен баарлашканында эч кандай күнөө жок деп эсептейт.

Дорошенконун айтымында, Украина үчүн кыргыз саясатчыларынын ал өлкөнүн мыйзамдарын сыйлап, Орусия тарабынан аннексияланган Крымга бир гана Украинанын аймагынан барышы маанилүү.

Элчинин пикири боюнча, Карамушкнианын Крымга жеке саякат менен барганбы, же мамлекеттик сапар менен болобу бул маанилүү эмес.

«Украин мыйзамдарында бул үчүн белгилүү бир жазалар каралган, биз дагы тиешелүү чаралар көрүлөт деп күтөбүз», — деди Дорошенко Kloop.kgнин журналистине курган маегинде.

Дептутат Карамушкина болсо Украина башка өлкөлөрдүн жарандарына Крымга кантип барышы керек экенин «буйрук бере албайт» деп эсептейт.

Kloop.kgге курган маегинде ал Крымды «тарыхый жактан Орусияныкы» деп атады.

«Карагылачы, Таврияны Орусияга ким кошту, эмне болду? Орусия, негизи эле, өзүнө тарыхый жактан таандык болгон нерсени кайтарып алды», — деди депутат.

Карамушкинанын айтымында, ал жеке саякат менен барганы үчүн  ага эч кандай доомат коюлбашы керек.

Курган маегинде ал Крымда «Ялтанын жээктеринде сейилдеп, базарларды кыдырып», крымдык татарлар менен баарлашканын айтты.

Бирок Дорошенконун айтымында, Крым өкмөтүнүн сайтына чыгарылган сүрөттөр Карамушкина менен КСДПнын дагы бир депутаты Марат Аманкуловдун «сүйлөшүү столунда отуруп кандайдыр бир нерсени активдүү талкуулап жатканын» күбөлөндүрөт.