Аламан алтын: Нарындагы кен чайкагычтар кантип жан багышат?

Суук түшкөндө Бишкекте курулуш токтоп, өлүү сезон башталат. Төлөгөн Усубалиев үчүн бул үйгө кетчү мезгил. Кышында башкалаада суук түшкөндө Эки-Нарындын тургундары айылына кайтышат. Бир топтору, анын ичинде Төлөгөн да Бишкекте куруучу болуп иштейт, бирок өз айылында алтын чайкоо менен алектенишет.