Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга катуу сокку урат: мөңгү суусунун азайышы айыл чарбасы менен суу энергетикасына эле эмес, миграция менен тышкы саясатка да түздөн-түз таасир этет. Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүн изилдеген ЮНИСЕФтин адиси «ЛИВЕНЬ.Living Asia» басылмасына өлкөнү жакынкы жүз жылда эмне күтүп тураарын айтып берген.

Материалдын түп нускасы «Ливень.Living Asia» сайтында жарыяланган.

Николас Мулиню — климаттын өзгөрүшү боюнча ЮНИСЕФтин өнүккөн өлкөлөрдө иштеп келген тажрыйбалуу кеңешчиси. Ал Түштүк-Чыгыш Азияда, Азия-Тынч океан аймагында климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарбасына жана жакырчылыкка тийгизген таасирин изилдеп жүргөн. Мулиню климаттын өзгөрүшүнүн балдарга тийгизген таасирин изилдеш үчүн Кыргызстанда эки жума болду.

Биз Кыргызстанда климаттын олуттуу өзгөрүшүн байкадык. Ал эмитен эле аймактагы климаттын өзгөрүшүн эң катуу баштан кечирген өлкө болуп эсептелет. Анткени Кыргызстан мөңгүдөн эрип түшкөн сууга абдан көз каранды.

Айыл чарбасы жана миграция

Жайында мөңгүлөр менен кар эрип, дайралар менен каналдарды арбын суу менен камсыз кылат. Ошондон кийин суу сугатка жеткидей болот. Келечекте суунун мындай өлчөмү азайышы мүмкүн, анткени температура көтөрүлгөндүктөн мөңгүлөр тартыла баштайт. Адегенде жайында мөңгү суусу арбын болот, бирок бул убактылуу көрүнүш. Кийин суунун деңгээли азайып гана жүрүп отурат.

Бул айыл чарбасына кандай таасир тийгизет? Ал мөңгү суусунан абдан көз каранды. Климаттын өзгөрүшү суу ташкындарына жана кургакчылыкка алып келет — биз андайды Азияда жана бүт дүйнө жүзүндө байкап эле атабыз.

Сугаттан көз каранды болгон айыл чарбасында суунун тартыштыгы өндүрүштүн начарлашын шарттайт, демек үй-бүлөлөр азыраак акча таба баштайт, бул болсо балдардын жыргалчылыгына таасир этет.

Балким, үй-бүлөсүнө акча таап келиш үчүн балдар көбүрөөк иштешке туура келет. Кыясы, үй-бүлөлөр жан багыш үчүн айылдан шаарга көчүүгө мажбур болушу мүмкүн. Ушундай жапырт миграция баштан өтөт деп божомолдогонго негиз бар. Бирок Бишкекте ал адамдарды каттоого жана социалдык кызмат көрсөтүүгө шарт барбы? Мамлекет мунун зыяны азыраак болгудай кылып стратегиясын эмитен ойлонуштурушу зарыл.

Тоодо, суудан алыс жерде, жайлоодо мал багуунун эсебинен күн көргөн адамдар топурактын эрозиясы күчөгөндүктөн температуранын көтөрүлүшүнүн кесепеттерин туюшат. Ага суусу бар жерде кайра-кайра мал жаюу, кургакчылык жана чөл басуу себеп болот. Айыл жериндеги адамдар абдан кыйналат.

Энергетика жана тышкы саясат

Кыргызстандагы электр кубатынын 90 пайызы Токтогул ГЭСинде иштелип чыгат, ал буга Нарын дайрасын пайдаланат. Эгерде дайранын деңгээли түшүп кетсе, плотина аркылуу суу азыраак өтөт, анын айынан электр энергиясын өндүрүү азаят.

Бул ошол сууга өтө муктаж болгон коңшулаш мамлекеттерге да кесепетин тийгизет. Суунун азайышы алар менен болгон дипломатиялык мамилелерге да таасир этиши ыктымал.

Эгерде Кыргызстандын өзүндө электр кубатын иштеп чыгыш үчүн суу жетишпесе, демек анда коңшулаш өлкөлөрдөн электр сатып алып же жылуулук электр станцияларын камсыз кылыш үчүн мунай же көмүр алып келүүгө туура келет.

Алыскы келечекте суу энергетикасы үчүн суунун жетишсиздигинен кутулуш мүмкүн эмес. Ага жооп күн батареялары болушу мүмкүн.

Эгерде Кыргызстан электр энергиясын сатып алса, ага деле акча керек. Бул жерде балдар үчүн чоң коркунуч бар: акчасы анча көп болбогон мамлекет электр энергиясына өз бюджетин жумшай баштайт, ал эми мурда болсо электр кубаты мөңгү суусунун эсебинен дээрлик бекер болуп келген. Ал акча эми кайдан алынат?

Биринчи иретте көп учурда социалдык тармактын: мектептердин, ооруканалардын чыгашасын, балдарды колдоого кете турган акчаны азайтып киришет. Бул чыгашалардын баары тез эле азайышы мүмкүн. Мамлекет менен саясатчылардын тандай турган алы жок: эгерде өлкөдө электр кубаты жетишпесе, адамдарды жылуулук менен кышында камсыз кыла албаса, анда олуттуу саясий натыйжалар келип чыгышы ыктымал.

Климаттын өзгөрүшү азыр баштан өтүп жатат жана жакын арада — кийинки 30 жыл бою — дегеле ушул кылым аяктагыча ушул көрүнүш кала берет. Анын капшабы менен суу балдардын жыргалчылыгына, миграцияга, айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнө, энергия иштеп чыгарууга таасири тийип турат.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here