Карызга өткөн той ынтымакка доо кетирет

Бишкекте насыя алып үйлөнүү той өткөргөн үй-бүлө чоң каржылык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Кредит төлөө түгөйлөр ортосунда жарака кетирип жатканын туугандары билдиришти.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

35 жаштагы Алтынбек бир жарым жыл мурда үлпөт тойго деп банктардын биринен 30 пайыз үстөк менен 200 миң сом алган. Бул анын экинчи никеси. Ал күрөөгө апасы жашаган үйдү койгон экен. Ошондон бери ай сайын 15 миң сомдон төлөп келет. Башында келинчеги экөө тең иштеп, маяналары насыясын жаап келген. Жарым жылдан бери колуктусу бала менен үйдө, өзү да жумушу жок отурат:

- Жүзгө жетпеген адамды, туугандарды, досторду, кайын-журтумду чакырып той бергем. Андан түшкөн акча чыгымдын бир тобун жабат деп ойлогом. Азыр экөөбүз тең иштебей, ар кимден акча алып, карызга батып кеттик.

Кредит төлөө маселеси түгөйлөрдүн ортосунда пикир келишпестик жаратып, алардын көйгөйүнөн бардык туугандары кабардар.

Кезинде алар насыяга кымбат машине жалдап той өткөрүү ниетине каршы чыгышканына, бирок жаштар ага кулак салбай койгонуна Алтынбектин кайнежеси Кайыргүл нааразы:

- Азыр айына 15 миң сом насыя төлөп жатышат. Убагында аны бир-эки саатка лимузинге түшүп эле коротуп коюшкан. Ошондо "мынчалык шаан-шөкөттүн эмне кереги бар, экөөң тең жаш эмессиңер" десем, күйөө бала көнгөн эмес. Эми ымыркай менен арзанына карап, батирден батирге көчүп-конуп жүрүшөт. Адам деген артын ойлошу керек да. Атасы, үй-жайы жок болсо... Андан көрө ошол акчаны пайдалуу нерсеге жумшабайбы...

Бул кыргыз коомундагы карызга той өткөргөн бир эле учур. Банктар жана чакан кредиттик уюмдар насыяны өтө кымбат үстөк менен бергенине карабай жылына карыз алгандардын саны статистика боюнча жарым миллиондон ашат.

Ошол эле кезде үйлөнүү үлпөтүн чакан топ менен белгилеп, башкалар сапырып жаткан акчаны тиричиликке жумшоону көздөгөндөр да жок эмес. Алар негизинен чет элде окуп же иштеп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрүп келгендер.

Алардын бири, журналист Жакшылык Матанов үй-бүлөсү менен кеңешип, тууган-уругун үйүнө чакырып, тойго кеткен акчага турмушуна керектүү буюм-тайымдарды алдырып алган. Алтынбекке салыштырмалуу азыр анын турмушу жакшы:

- Өзүмдүн тааныш, досторумдун арасынан кредит алып үйлөнүп, кийин кыйналып ажырашып кеткендер канча болду. Колунда бар, бай болсо эч нерсе дебейм. Бирок "казга теңелип карганын буту сыныптыр" дегендей эле, артында эч нерсеси жок той өткөрүп башкаларга теңелем деген болбойт. Үйлөнөр алдында менин ата-энем деле "биз деле той өткөрөлү, башкаларга кошумча кошконбуз, аларды чогулталы" дешти. Кыргызда тойго акча бергем, эми аны кайтарып чогултуп алайын деген түшүнүк бар. Ошол нерсе жаштарды, улуу муунду да бузат. Мен апама "тойго деген акчаны бизге беришсин же буюм алып беришсин" деп түшүндүрүп айттым. Ошентип биздин ыгыбызга көнүштү. Туугандар чогултуп берген акчаны арттырып, колуктум менен чакан бизнес ачканбыз. Келечекте бир бөлмө үйүбүздү чоңойтолу деген максатыбыз бар.

Пайызы жогору насыялар карызкорлордун ден соолугуна, тагдырына да залакасын тийгизип, анын айынан ажырашкандар, жүрөк ооруга туш болгондор, соттолуп кеткендер да учурайт. Ал тургай өз өмүрүнө кол салгандар да жок эмес.

Экономика, каржы жана банк иштери боюнча адис Талант Керимбаев муну элдин каржы сабатынын начардыгы, акчаны, алган насыяны туура сарптоо маданиятынын жоктугу менен түшүндүрөт:

- Эл алган акчасын той-ашка сарптабай, карызга бербей, туура сарптаса, мындай абал жаралмак эмес.

Коомдо банктар жана башка каржы компаниялар сабатсыздыктан пайдаланып, калкка кымбат кредиттерди таратып, карызга батырып койду деген сындар да арбын. Бирок Талант Керимбаев каржы мекемелери насыянын үстөгүн арзандатканы менен элдин сабаты жоюлбаса, абал өзгөрбөйт деген ойдо:

- Кредиттин пайызын эң төмөн кылып койсо деле аны ала беришет да. Банктардын жоопкерчилигин кароо менен бирге акчаны туура жумшоо, үнөмдөө багытында элге түшүндүрүү иштери мамлекеттик деңгээлде колго алынышы керек. Азыр жер-жерлерде ушундай аракеттер башталып, биз түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Бирок жалпы өлкө боюнча жүргүзүлө элек.

Статистикага таянсак, өлкөдө насыя алгандардын 70 пайыздан көбүн аялдар, 60 пайыздан ашыгын жаш үй-бүлөлөр түзөт. Буга чейин кыргызстандыктар той-аштарга жылына 2 миллиард доллардан ашык акча сарптай турганын иликтөөлөр көрсөткөн.​ Бирок жыл өткөн сайын той-топур, зыйнаттарда ысырапкорчулук көбөйүп баратканы байкалууда. Ашыкча ысырапкорчулукка бөгөт коюу демилгеси былтыр парламентте, ага чейин өкмөттө көтөрүлгөнү менен натыйжа чыккан эмес.​


ТЕМА БОЮНЧА: