Сот УКМКнын башчысынын мүлкүн камакка алуудан баш тартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин жана президенттин басма сөз катчысы Алмаз Үсөновдун мүлкүн камакка алуудан баш тартты. «Ата Мекендин» депутаттары аткаминерлерди сотко берип, парламент өкүлдөрү 2010-жылы «Мегакомду» сатууга кызыкчылыгы болгону тууралуу билдирүүлөрү үчүн алардын мүлкүн камакка алууну талап кылышкан.

«Ата Мекендин» юристи Таалайкүл Токтакунова Kloop.kg менен болгон маекте депутаттар өз өтүнүчүн соттордун бийликке каршы чыккандарга мамилесин көрсөтүш үчүн беришкенин айтты.

«Биз бул аракет менен Октябрь районунун соту “Занозанын”, “Азаттыктын”, Канатбек Азиздин жана жеке менин мүлкүбүздү камакка алып туура эмес кылганын көрсөткүбүз келди. Сот Башкы прокуратуранын биздин мүлккө карата өтүнүчүн аткаруудан да баш тартышы керек болчу», — деди ал.

Анын айтымында, ар-намысты коргоо боюнча териштирүү — бул мүлк талашы эмес, андыктан моралдык зыяндын суммасы сот тарабынан процесс бүткөн соң аныкталат. Токтакунова мындай талаштар боюнча соттор мүлктү камакка албашы керек деп эсептейт.

Үсөнов менен Сегизбаевден азырынча комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Марттын аягында «Ата Мекендин» үч депутаты — Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов — Сегизбаев менен Үсөновду сотко берген.

2016-жылдын ноябрында дал ушу Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Белизден келди деген документтерди көрсөткөн, анда бул депутаттар 2010-жылы «Мегаком» операторунун акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгону айтылат.

Депутаттар бул маалыматты төгүнгө чыгарып, партиянын башчысы Өмүрбек Текебаев бийликтин дооматын жокко чыгарган документтерди эчак эле көрсөткөн деп эсептешет.

Аталган парламент өкүлдөрү Сегизбаев менен Үсөновдун бул маалыматты таратышы алардын ар-намысына шек келтирет деп эсептешет.

Текебаев жоопкер тараптагылардан эл алдында кечирим сурап, өзүнө келтирилген моралдык зыян үчүн 60 миллион сом өлчөмүндө компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган. Шыкмаматов менен Салянова компенсация доолаган жок.


ТЕМА БОЮНЧА: