Бишкек: ШИИБ «Космопарктын» жанындагы кишини аткан милиция кызматкерин иштен алат

Бишкек ШИИБи «Космопарк» оюн-зоок борборунун жанындагы кишини аткан милиция кызматкери иштен алына турганын билдирди. Милиция иштин материалдарын прокуратурага иликтөөгө жөнөттү.

ШИИБнин басма сөз кызматы милициянын лейтенанты кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн иштен алынаарын билдирди, бирок бул маселе боюнча акыркы чечим чыга элек.

Кызматтык иликтөө жүрүп жатат, иштин материалдары юридикалык баа бериш үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Көзөмөл органы иштин бардык жагдайларын аныктап, чатактын эки тарабынын дооматтарын карап чыгышы керек.

2-апрелге караган түнү милицияга «Космопарк» ою-зоок борборунун жанында ок атылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБинин 29 жаштагы лейтенантын кармашкан. Медиктер милиция кызматкери мас абалында болгонун ырасташкан.

Кармалган лейтенант өз ыктыяры менен травматикалык тапанчасын өткөрүп берген.

Ошол убакта төртүнчү шаардык ооруканага ок тийген адам кайрылган. Ал аны «Космопарктын» жанында жарадар кылышканын айтып, милицияга арыз жазган.

Бирок кармалган милиция кызматкери жооп кылып өз арызын жазган. Ал «Космопарктын» унаа токтотуучу жайында ага белгисиз бирөөлөр кол салганын билдирген.

Анын айтымында, алар анын автоунаасына зыян келтирип, андыктан ал өзүн коргош үчүн ок атууга аргасыз болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: