Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн лифти бар асма өткөөлдөр салынышы мүмкүн

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жөө жүргүнчүлөр үчүн лифттери бар төрт асма өткөөлдүн курулушунун долбоорун иштеп чыгууда.

Асма өткөөлдөрдү башкалаанын эл көп каттаган төмөнкү кесилиштеринде орнотуу пландалууда:

  • Шабдан Баатыр (мурдагы Алма-Ата) көчөсү менен Мамбетов көчөсү («Мадина» базары);
  • Курманжан Датка көчөсүндө — Жибек-Жолу проспекти менен Муса Жалил көчөсүнүн ортосунда («Аламүдүн» базары);
  • Чүй проспекти менен Шопоков көчөсү («Айчүрөк»);
  • Чүй проспекти менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилиши («Ош базары»).

Мэрия 2017-жылдын 31-августуна чейин «Мадина» жана «Аламүдүн» базарларынын жанындагы эки өткөөлдү куруп бүтүү пландалып жатканын билдирди. Конкурстук өтүнмөлөр 17-апрелде ачылат.

Бишкекбашкыархитектура быйыл февралда эле алты асма өткөөл куруу демилгесин көтөрүп чыккан.

Бирок айрым бишкектиктер бул идеяга көңүлдөнгөн жок. Дизайнер Дмитрий Бондарев Бишкекте тунук өткөөлдөр «эч кимге кереги жок» деп эсептейт.

Анын пикиринде, андай өткөөлдөрдү магистралдарга гана орнотуш керек.

Бондаревдин ою боюнча, бул өткөөлдөр «дегеле арзанга турбайт» жана ал акчаны шаарда «акылдуу жолчырактарды» орнотконго жумшаган оң.


ТЕМА БОЮНЧА: