Кыргызстандын муфтийи болуп Максат Токтомушев кайра шайланды

Максат Токтомушев экинчи ирет катары менен Кыргызстандын муфтийи болуп шайланды. Ал бул кызматка бирден-бир талапкер болду, калган экөө өз талапкерлигин шайлоо алдында алып салышты.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Максат Атабаев Kloop.kgге айтканына караганда, Токтомушев үчүн мусулмандар курултайынын бардык 220 делегаты добуш берди.

«Азыр анын бул кызматка киришүүсү боюнча расмий салтанат өтүп жатат, бул жолу муфтияттын башчысы төрт жылдык мөөнөткө шайланды», — деди ал.

Токтомушев Кыргызстандын муфтийлик кызматына бирден-бир талапкер болуп чыкты. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен Ош облусунун мурдагы казысы Ниязалы Арипов өз талапкерлигин алып салышкан.

Максат Токтомушев Ош облусунун Кара-Кулжа айлынан болот. Азыр ал 43 жашта. Ал соодагерлердин үй-бүлөсүндө туулган жана алты баланын кенжеси. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, кесиби боюнча зооинженер.

1990-1997-жылдары ислам укугу боюнча окумуштуулардан ислам мыйзамдары тууралуу жекече билим ала баштаган. 1998-2005-жылдары Пакистанда «Мадраса Арабия» окуу жайынан «Ислам мыйзамдары» адистиги боюнча билим алган. Беш жылча мечитте имам болуп иштеп, кийин Бишкек шаарынын казысы болгон.

Чуулуу тасмадан улам муфтияттын башчысы алмашты

Токтомушев 2014-жылы Рахматулла ажы Эгембердиев жаңжал менен кызматтан кеткенден кийин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп турган. Ал кезде муфтий менен жылаңач кыздар катышкан видео коомдук түйүндөрдө тарап кеткен.

Андан соң Токтомушев Кыргызстандын жогорку муфтийи болуп биринчи жолу шайланган.

Сүрөт: «Азаттык»