Украина Ирина Карамушкинанын өлкөгө киришине тыюу салды

Украинанын Коопсуздук кызматы кыргыз парламентинин депутаты Ирина Карамушкинанын Крымга макулдашпастан баргандыгы үчүн анын өлкөгө киришине тыюу салды.

Атайын кызматтардын катында Карамушкинанын гана өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы айтылат, депутат Марат Аманкуловго карата маселе чечиле элек.

Журналист Илья Лукаш Украинанын Коопсуздук кызматына кайрылгандан кийин Карамушкинага Украинага кирүүгө тыюу салынган.

«Киевди ал [Карамушкина] эми эротикалык түштөрүндө гана “көрөт”. Кезекте депутат Аманкулов жана Украинанын Крымына Украина мамлекетинин уруксаты жок барганга дааган кайсы неме болсо да турат», — деп жазды ал «Фэйсбуктагы» өз барагында.

Мурда Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко депутаттар Карамушкина менен Аманкуловдун Крымга барышына нааразы болгон. Алар жарым аралга Орусиянын аймагы аркылуу Украина тарап менен макулдашпастан барышкан.

Дорошенко кыргыз саясатчылары Украинанын мыйзамдарын сакташы керек экенин билдирип, кыргыз бийлигинен депутаттарга чара көрүүнү талап кылган.

Өз сапарын Карамушкина Крымда эмне болуп жатканын өз көзү менен көрүп келүүнү каалаганы менен түшүндүргөн. Анын айтымында, Орусия аркылуу Крымга баруу «ыңгайлуураак» болгон. Ал Дорошенко кыргыз бийлигинен ага карата чара көрүүнү талап кылганда өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп эсептейт.

Украина менен Крым

Украина анын чек арачыларынан өтпөй Крымга барган бардык саякаттарды мыйзамсыз деп эсептейт. Украинанын жараны болбогон адамдар Крымга барыш үчүн миграциялык кызматтан атайын уруксат алышы керек.

Ал уруксат менен Крымга Украинанын материк бөлүгү жактан үч транспорт босогосу аркылуу — Херсон облусунун Чонгар, Каланчак жана Чаплинка кириш/чыгыш көзөмөл пункттары аркылуу кирсе болот.

Крым орусиялык аскерлердин көзөмөлү астында өткөн талаштуу референдумдан кийин Орусия тарабынан 2014-жылдын мартында басып алынган.

Украина референдумду тааныган эмес жана Орусиянын аракеттерин оккупация деп баалаган.

Орусия Крымдагы аракеттери үчүн эл аралык санкцияларга кабылган. Алардын айынан да ошондон бери жарым аралга Орусиянын учактары гана бара алат.


ТЕМА БОЮНЧА: