Башкы прокуратура «Занозанын» тең түзүүчүсүнө каршы экинчи доо арыз берди

«Занозанын» тең түзүүчүсү Нарынбек Идинов Башкы прокуратуранын экинчи доо арызына туш болду. Доо арыздын берилишине журналисттин «Ложь, якобы во спасение» («Куткарымыш болгон калп») аттуу макаласы себеп болгон.

Идиновго каршы доо арыз жөнүндө алгач «Фэйсбуктагы» өз барагында оппозициячы Адил Турдукулов билдирди. Идинов өзү Kloop.kg менен болгон маекте Башкы прокуратура аны сотко бергенин ырастады.

«Октябрь райондук сотуна доо арыз берилиптир, башка эч нерсесин билбейм. Териштиребиз. Арызга менин 3-марттагы макалам себеп болгону гана маалым. Ал сайтта бар, таанышса болот», — деди «Занозанын» тең түзүүчүсү.

Экинчи доо арызга себеп болгон Идиновдун макаласы «Ложь якобы во спасение: Паппет-шоу независимости» («Куткарымыш болгон калп. Эгемендиктин паппет-шоусу» ) деп аталат.

Материалда журналист Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлери үчүн бийликте эң башкысы — «мамлекеттик акырга жана мамлекетке көрсөтүлүп жаткан тышкы жардамга жетүү» экенин жазат.

Ал ошондой эле кыргыз саясатчыларын «калп өлтүрөөрүн» жазат.

«Мамлекет эле эрте өлүп кетпесе, биздин башчыларды так ушу калп өлтүрөт. Биздин мамлекет күн өткөн сайын бекемделип, гүлдөп атканы тууралуу калп. Өлкөнүн аброю жогорулап жатканы тууралуу калп. Алар эл жана мамлекет үчүн колунан келгендин баарын кылып атканы тууралуу калп. Эгерде алар чын эле ошондой иштесе мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы жыл сайын күч албайт эле, ал эми калп айтышпаса ал дегеле болмок эмес», — деп айтылат текстте.

Атамбаев ЖМКга каршы

Бул ушул айда Идиновго каршы берилген экинчи доо арыз. 2016-жылдын мартында башкы прокурор Индира Жолдубаева «Занозага» жана Идиновго каршы доо арыз берген.

Ал кезде прокуратура алардан президенттин ар-намысына шек келтиргендиги үчүн 3 миллион сомдон өндүрүп берүүнү талап кылган. Мындан тышкары, сот териштирүү бүткүчө Идиновдун мүлкүн камакка алган.

Биринчи доо арызга журналисттин 2015-жылдын октябрында жарык көрүп, азыр өчүрүлгөн макаласы себеп болгон. Макала «Президент берген миллиондор: чынында банкет кимдин эсебинен?» деп аталган.

Макалада президенттин кайрымдуулук иштери жана президенттин резервдик фондунун акчасы көзү өтүп кеткен маданият ишмерлеринин үй-бүлөлөрүнө, аймактык театрларга жана социалдык мекемелерге таратылганы тууралуу кеп болот.

Атамбаев 15-мартта беш өлкөнүн элчилерине ишеним грамоталарын тапшырып жатып Идиновду сынга алган.

«Айрым сасык саясатчылар, журналист сөрөйлөр — Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Идинов — сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким?» — деген президент.


ТЕМА БОЮНЧА: