ИИМ: Президентти сындаганы үчүн опузага кабылган журналист арыз жазуудан баш тартты

Журналист Эрнис Кыязов өзү туш болгон опузалар боюнча арыз жазуудан баш тартты. Кыязов 5-апрелде «Фэйсбукта» андан белгисиз адамдар президент Алмазбек Атамбаевди сындаган пикирлерди жазбашын талап кылышканын билдирген.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кыязов опуза фактысы боюнча арыз жазуудан баш тартканын айтты.

Асановдун айтымында, ИИМ кызматкерлери Кыязов менен жолугушуп, ал өзүн опузалаган кишилерге эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Кыязов 5-апрелде «Фейсбукта» аны бир нече белгисиз адам кошунаң болобуз деп үйүнөн чакырып чыгышканын жазган. Ал дарбазадан тышка чыкканда келген кишилер анын колу-бутун толгоп, опузалап киришкен экен.

Журналисттин айтымында, белгисиз адамдар андан президент Атамбаевге карата сын пикирин чагылдырган материалдарды жазууну токтотууну талап кылышкан. Кыязов бул талаптарды аткарбай турганын жазган.

Бир аз убакыттан кийин журналист «Фэйсбуктагы» өзүнүн жазуусун да, барагын да өчүрүп салган.

«Өчүрдүм баарын, тынчтык бергиле, достор, мага үй-бүлө маанилүү», — деп жазды ал.

Эрнис Кыязов журналист катары НТС, «ОшТВ» телеканалдарында иштеп, Kalempir.kg сайтына жазып, акыркы убакта өз барагында мурдагы депутат Садыр Жапаров тууралуу пикирлерин жарыялап келген.


ТЕМА БОЮНЧА: