«Ташкен-Бишкек-Алматы» газ куурунун жаңы бутагы Кыргызстандын түндүгүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылат. Газ куурунун багытын куруу «Газпром» тарабынан 2015-жылы башталган, ал 2017-жылдын июнунда аяктайт. Kloop.kg курулушка барып, анын кандай жүрүп жатканын көрүп келди.

«Ташкен-Бишкек-Алматы» газ кууру Өзбекстандын Бухара районунан башталып, Казакстандын аймагынан, Кыргызстандын Талас жана Чүй облусунан, анан кайра Казакстандын жеринен өтүп, Бишкек менен Алматыны бириктирет.

 

Кыргызстандын түндүгү аркылуу өткөн 113 чакырымдык түтүк Чүй жана Талас облустарын, ошондой эле Бишкекти камсыз кылат. «Газпром» компаниясы Кыргызстанда мындан ары газ менен камсыз кылууда үзгүлтүк болбойт деп убада берүүдө.

«Мурда 2000-жылдардын башында газ менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурап турганда Өзбекстан менен биздин ортобузда саясий пикир келишпестиктер болгон. Эми андай болбойт», — дейт «Газпром» компаниясынын директорунун капиталдык оңдоо иштери боюнча орун басары Мурат Сулайманов.

2017-жылдын апрелинде эле жаңы бутактын жардамы менен Бишкектин 10 калктуу конушу газ менен камсыз болот. Газ куурунун бутагын куруу 2017-жылдын июнунда аяктайт.

«Мындай кайра куруу же курулуш эми жок эле дегенде 50 жылдай болбойт», — деди Сулайманов.

Жумушчулардын айтымында, алар газ куурунун акыркы сегиз чакырымын ширетип, кураштырышы эле калды, андан кийин сыноо иштери башталат.

Азырынча ишти керектүү ыргакта жүргүзүүгө аба ырайынын начардыгы жолтоо кылууда.

«Кыйынчылыктар ушул — бизди аба ырайынын шарттары оңураак иштетпей атат. Жер баткак, жол жок, тегеректин баары саз, техникабыз жөн эле чөгүп атат. Ошонусу жолтоо болууда. Мөөнөтүндө бүтүргөнгө аракет кылабыз», — дейт долбоордун башкы инженери Борис Давлетбаев.

«Газпром» бул магистраль аркылуу жылына төрт миллиард куб метр газ ташууну пландаштырууда. Долбоордун башкы инженеринин айтымында, газ өткөрүү эки эсе арбыйт. Отундун баасына анын таасири тийбейт.

«Газпром» — мунай жана газ өндүрүп, жеткирүү менен алектенген орусиялык компания.

Кыргызстандын жетекчилиги беш жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция жумшоого жана «Кыргызгаздын» 4,1 миллиард сомдук карызын төлөп берүүгө айырбаштап, өлкөнүн газ ташуу системасын «Газпромго» бир долларга сатып жиберген.

Оппозиция Кыргызстандын газ ташуу системасын сатууга каршы чыгып, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган.

Сүрөт: Рустем Ильясов


ТЕМА БОЮНЧА: