Прокуратура мурдагы транспорт министрине каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Прокуратура кылмыш курамы жоктугунан улам мурдагы транспорт министри Замирбек Айдаровго каршы кылмыш ишин козгобойт. 2016-жылдын ноябрында УКМК Айдаровду «Бишкек — Кара-Балта» жолун оңдоо боюнча тендерге кийлигишкен жана «Чайна Рейлвей» компаниясынын кызыкчылыгына сүрөөнгө алган деп күнөөлөгөн.

Мурдагы транспорт министри Айдаровго каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө башкы прокурор Индира Жолдубаева 6-апрелдеги парламент жыйынында билдирди. Ага кылмыш курамынын жоктугу себеп болду.

2016-жылдын ноябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы (УКМК ККК) Замирбек Айдаров өз ыйгарым укуктарынан аша чапканын билдирген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Айдаров «Бишкек — Кара-Балта» жолун оңдоо боюнча тендерге кийлигишип, «Чайна Рейлвей» компаниясынын кызыкчылыгын сүрөөнгө алган деп аныктаган.

«Тендер комиссиясынын мүчөлөрү жана ишке тартылган адистер Айдаров тендер комиссиясынын ишине “Чайна Рейлвэй” компаниясынын пайдасы үчүн кийлигишкенин ырасташкан. Буга тендер комиссиясынын башчысы Абдысатаровду алмаштыруу да, [Айдаровдун] “Чайна Рейлвей” менен тендер комиссиясын катыштырбай кат алышканы да далил болот»,— деп жазылат УКМК КККнын документинде.

Өкмөт мүчөлөрүнүн кылмыштары менен башкы прокуратура алектенгендиктен, УКМК иштин материалдарын көзөмөл органына өткөрүп берген.

Жол тендери

«Бишкек — Кара-Балта» жолун оңдоого тендер 2015-жылдын декабрында жарыяланган. Ага 16 компания катышмакчы болуп, финалдык айлампага тогузу гана чыккан.

Конкурстун жеңүүчүсү катары Кытайдын «Чайна Рейлвей» компаниясы жарыяланган. Ошондон кийин тендер комиссиясынын мүчөлөрү министр Айдаров алардын ишине кийлигишип жатканын парламентке билдиришкен.

Алардын айтымында, Айдаров Азия өнүктүрүү банкына (АӨБ) кат менен кайрылган. Андан соң бул жолдун оңдолушуна 100 миллион доллар бөлүп берген АӨБ комиссияга «Чайна Рейлвэй» компаниясын тандап алууну сунуш кылган.

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис Макдейган мындай чечимге негиз болгон жагдайлардын бири транспорт министринин каты болгонун айткан.

«Чайна Рейлвэй» жолду 70,3 миллион долларга оңдоп берүүнү сунуш кылган. Оңдоо талап кылынган жолдун узундугу 52 чакырымды түзгөн.

УКМК ККК комиссия мүчөлөрүнүн кайрылуусунан кийин бул тендерди текшере баштаган.

Журналисттер Айдаров «Чайна Роад» компаниясынын автоунаасын пайдаланаарын аныктап чыгышкандан кийин ал өзү да көңүл борборунда болуп келген.


ТЕМА БОЮНЧА: