Бишкектин жанындагы Озерное айылында жолсуз жарыш болду. Турнирге Кыргызстан менен Казакстандан келген 50дөй жол тандабастардын жана квадроциклдердин айдоочулары катышты. Мелдештин байге фонду 100 миң сомду түздү, анын 50 миңи жеңүүчүгө тийди.

Турнир төрт категорияда өттү. Алардын үчөөнө жол тандабастар гана катышты.

Төртүнчү категорияда байге үчун квадроциклдердин айдоочулары ат салышты.

Жип-спринт Озерное айылындагы атайын даярдалган трассада өттү. Айдоочулар табигый бөгөттөр — чуңкурлар, баткактуу аңдар жана тик эңкейиштер менен алышууга аргасыз болушту.

Жарыштын катышуучулары баткакка толгон аңдарга улам тыгылып жатышты. Жол тандабастарды саздуу жерден трос менен тартып чыгарышка туура келди.

Автоунаалардын штурмандары аларды айдоочулары менен кошо саздан чыгарып жатышты.

Жарышка Казакстан менен Кыргызстандан келген 50дөй айдоочу катышты. Мелдешке 300дөн ашуун киши көз салып турду.

Көрүүчүлөрдүн көбү чоң жардын кырында топтолду – алар жарыштын катышуучулары өз автоунааларын баткактын туткунунан кантип сууруп чыгып жатышканын карап турушту.

Айрым көрүүчүлөр турнирге балдары жана үй жаныбарлары менен келди.

Жарыштын байге фонду 100 миң сом болду. Анын 50 миңин биринчи орун алган жеңүүчү алды, турнирдин калган катышуучулары баалуу сыйлыктарды, анын ичинде автохимия каражаттарын жана жол тадабастар үчүн атайын жарыктандыруучу шаймандарды утуп алышты.

Жарышты «Offroad Kings» клубу уюштурду.

Сүрөт: Рустем Ильясов


ТЕМА БОЮНЧА: