Видео: Бишкектин түштүгүндө BMW менен БТР кагылышты, баары аман-эсен

Садырбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде BMW маркасындагы автоунаа менен бронетранспортер кагылыша кетти, эч ким жабыркаган жок. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы БТР машгууга баратканын билдирди.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын өкүлдөрү жеңил автоунаа менен кагылышкан бронетранспортер Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө таандык болгонун кабарлады.

«БТР “Ала-Тоо” окуу борборуна машыгууга бараткан. BMWнын айдоочусу БТР менен кагылыша турган жерге чыга калып экөө сүзүшө кетишкен. Айдоочу өз күнөөсүн толук мойнуна алды. Биз жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүн чакырдык, азыр окуянын жагдайлары аныкталып жатат», — деп билдирди Башкы штабдын басма сөз кызматы.

Бронетранспортер автоунаанын оң эшигин кабырып кеткен, BMWнын айдоочусу жабыркаган жок.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө


ТЕМА БОЮНЧА: