Тергөө комитети: Петербургдагы террордук чабуулга тиешелүү деп шек саналган сегиз киши кармалды

Орусиянын Тергөө комитети Петербургдун метросундагы террордук чабуулга тиешеси бар деп шек саналган 8 кишини кармады. Тергөөчүлөрдү билдирүүсү боюнча, кармалгандардын үйүндө жардыруучу түзмөк, курал жана ок-дары табылган.

Орусиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко Санкт-Петербургдагы террордук чабуулга тиешеси болушу мүмкүн болгон 8 киши кармалганын билдирди. Алтоо Петербургда, экөө Москвада кармалган.

Тергөө комитети кармалгандардын аты-жөнүн ачыкка чыгарды: Сейфулла Хакимов, Ибрагибжон Ерматов, Дилмурод Муидинов, Бахрам Ергашев, Азамжон Махмудов, Махамадюсуф Мирзаалимов, Шохиста Каримова жана Содик Ортиков.

Кармалгандардын үйүнөн укук коргоо органдары «Площадь восстания» метро станциясында табылган бомбага окшош жардыруучу түзмөк табышкан. Тергөөчүлөр ок атуучу курал жана ок-дары да таап чыгышкан.

Иликтөө уланууда, сот кармалгандар үчүн баш коргоо чарасын тандап алууга тийиш.

Санкт-Петербургдагы террордук чабуул

Петербург метросунун вагонунда 3-апрелде «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда жарылуу болгон. Террордук чабуулдун натыйжасында 14 киши курман болуп, 50дөн ашуун адам жабыркаган.

Өрт өчүрүүчү шайманга окшоштурулуп жасалган экинчи жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» станциясында табылган. Бомба  жарылганга чейин зыянсыздандырылган.

Орусиянын укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шектүү Акбаржон Жалилов Кыргызстанда туулганын, бирок акыркы алты жылда Орусияда жашаганын аныкташкан.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, ДНК-экспертиза террордук чабулду Жалилов аткарганын көрсөткөн. Жалиловдун сөөгүн ата-энеси да тааныган.


ТЕМА БОЮНЧА: