Карта: ӨКМ тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн ысып кеткенине байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү күтүлүп жатканын эскертти.

Кар көчкү 8инен 10-апрелге чейин жүрүшү мүмкүн.

Кар көчкү түшүшү ыктымал болгон аймакка кирип баратканда автомобилдер ортодогу 500 метр аралыкты сакташы керек.

Кооптуу аймактарга Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугат жана Сөөк автожолдору кирет.

Бишкек-Ош:

  • Төө-Ашуунун 121-138 километри;
  • Ала-Бел, 98-265 км (Чычкан капчыгайы);
  • Көк-Бел 351-365 км (Чычкан капчыгайы);
  • Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунун 65-110 км;
  • Ала-Бука–Каныш-Кыя 65-97 км;
  • Красная Горка–Ак-Таш 1-9 км;
  • Казарман–Актал-Чат 18-20 жана 67-94 км (Кара-Көө ашуусу);
  • Ийри-Суу аймагы 42-44 км.

Бишкек–Нарын–Торугарт:

  • Долон 289-291 жана 297-298 км;
  • Арал–Миң-Куш 1-10 км;
  • Каракол–Эңилчек 45-92 км (Чоң-Ашуу);
  • Барскоон–Ак-Шыйрак 60-68 км (Барскоон ашуусу менен Сөөк автожолу).


ТЕМА БОЮНЧА: