Парламент террордун жолун буугусу келет

Жогорку Кеңеш 5-апрелдеги отурумда "Террорчулукка каршы аракеттенүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алды жана добуш берүүгө жөнөттү.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Эгер бул документ кабыл алынып калса, анда Кыргызстанда сот экстремисттик-террористтик деп аныктаган уюмдардын тизмеси маал-маалы менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып турмакчы. Өлкөдө жалпысынан мындай 20 уюмга тыюу салынган.

"Террорчулукка каршы аракеттенүү жөнүндөгү" мыйзам долбоордун демилгечилери айрыкча жаштарды ар кандай радикал топторго кошулуп кетүүдөн сактоо үчүн экстремисттик-террористтик уюмдар тууралуу ачык, кеңири маалымат берилиши керектигин айтып келишет.

Парламентте бул мыйзам долбоору талкууланып жаткан чакта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродогу жардыруу жана бул кылмышка шектүү жарандын Кыргызстан менен байланышы тууралуу сөз болду.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаровдун пикиринде, сот террорчу деп тапкан адамдардын дагы тизмеси жарыяланышы керек:

- Мындай мекеме-уюмдардын тизмесин эле жарыялабастан, жеке адамдардын дагы тизмесин жарыялоо убактысы келди го деп ойлойм. Анткени биздин арабызда ар кандай адамдар бар экенине, ошондой уюмдарга кирип алып жалпы мамлекетке көлөкө түшүрүп жатканына дагы бир жолу ынанып отурабыз. Адамдар ким террорист, ким террорист эмес экенин билүүгө убакыт келди окшойт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербургдагы теракт боюнча айрым жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын сынга алды:

- Кечээ баарыбыз эле байкадык, Кыргызстандын айрым басылмалары, интернетте ошол адамды кыргызстандык деп эле кыйкырып жатканда, Орусиянын 1-каналы өтө салабаттуу түрдө аны борборазиялык деп эле жалпылап айтып жатты. Ошондуктан бул маселеге өтө этияттык менен кароо керек деп ойлойм.

Кыргызстандын атайын кызматы терактка шектүү Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнүн, кийинчерээк орус жарандыгын алганын жарыялаган. Тышкы иштер министрлиги болсо ага Кыргызстандан паспорт берилбегенин, кыргыз жараны эместигин маалымдаган.

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланып жатканда "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров атайын кызмат анын террордук чабуул жана андан коргонуу боюнча көрсөтмө даярдоо сунушун эске албай жатканына нааразы болду:

- Мисалы Израил өлкөсү террорчулукка каршы кыймыл-аракеттерди кичинекей баладан президентине чейин жазып, баарын окутуп, баары билет экен. Чукул кырдаал болсо депутаттар, өкмөт мүчөлөрү кайсы жерде жүрүшү керек, ар бири эмне кылышы керек, баары билиши керек. Азыр көрүп жатасыздар, алгач бирди жардырып коюп, анан эл топтолгондо экинчисин, үчүнчүсүн жардырып жатат. Эгер ошондой окуя болсо спикер, депутаттар каякта болушу керек, ар бирибиз эмне кылышыбыз керек деген көрсөтмө барбы? Мунун баары алдын ала так, ачык, жазылышы керек жана мектепте ар бир окуучу, депутаттардын үстөлүнүн үстүндө турушу керек, өрт өчүргүчтөрдүн ар биринде болушу зарыл.

УКМКнын билдиришинче, Кыргызстанда террористтик-экстремисттик деген жыйырма уюм аныкталган. Атайын кызматтын жетекчи орун басары Рустам Мамасадыковдун маалымдашынча, ушул тушта терроризмге каршы иш-аракеттер камтылган атайын программа даярдалып жатат:

- Бизде тыюу салынган уюмдардын дээрлик 98 пайызын эл аралык соттор, БУУ террордук деп тааныган. Бүгүнкү күндө террорго жана экстремизмге каршы аракеттердин программасынын долбоору иштелип чыкты. Азыр макулдашууда, көпчүлүктүн талдоосунда турат. Азыр эми Израил, тигил же бул жак деп жатасыздар. Негизи бул маселе бүт эле мамлекеттердин көйгөйү болуп калды. Биз мисалы терроризмге каршы кайсы мамлекетте кандай жакшы ыкма болсо ошонун баарын алганга аракет кылып жатабыз. Мамлекеттин, өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша, кырдаалга карата баарын колдонуп тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Бирок УКМКнын өзүнө байланыштуу сын айткандар болбой койгон жок. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко атайын кызматтын негизги милдетин эске салды:

- Бул мекеме улуттук коопсуздукту камсыздоого бардык күчүн жумшап, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргошу кажет. Тилекке каршы, УКМКнын соңку аракеттери менде чоң суроолорду жаратып жатат. Мага кызык, негизги күчүңөрдү өз жарандарыңар менен күрөшүүгө жумшап жатсаңар, силерде терроризм, коомго коркунуч алып келип жаткан топтордун очогун аныктоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Түрдүү саясий себептерге байланыштуу атайын кызматтын көпчүлүк өкүлдөрү телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшап, тынчтык митингдерин көзөмөлдөө менен алек. Андыктан, Улуттук коопсуздук комитети жарандарынын коопсуздугу менен алектенип жатат деп кантип айта алабыз?

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча ушул тушта 300дөн ашуун адам диний радикализм боюнча айыпталып, камакта отурат. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний уюмунун мүчөлөрү.


ТЕМА БОЮНЧА: