Петербургдагы теракт: Акбаржон Жалиловдун жашы жете элек иниси катары менен бир нече күн суракка алынды

Орусиянын бийлиги Акбаржон Жалиловду Санкт-Петербургдун метросунда теракт кылды деп айытап чыккандан кийин анын Оштогу туугандарын укук коргоо органдары суракка чакыра башташкан. Акбаржондун абаларын 5-апрель күнү эртең менен коё беришкен, ал эми анын жашы жете элек иниси Ахрор Жалиловду бир нече күн катары менен суракка алышкан.

Санкт-Петербург метросундагы теракттан кийин, 4-апрель күнү эртең менен, жардыруу жасоо боюнча шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун алты тууганын: ата-энесин, эжесин, инисин жана атасынын эки бир тууганын сурак берүүсү үчүн алып кетишкен.

Акбаржондун ата-энелерин ошол эле күнү кечинде бошотушуп, алар баласынын сөөгүн тааныш үчүн Санкт-Петербургга учуп кетишкен.

Жалиловдун жеңеси Яркинойдун айтымында, Акбаржондун абалары сурактан 5-апрель күнү эртең менен келишкен. Ал Акбаржондун иниси Ахрор Жалиловду да бир нече күн катары менен суракка алышканын айтып берди.

«Ар күнү эртеден кечке чейин Ахрор милиция кызматкерлерине көрсөтмө берип жатты. 10-бөлүмдө суракка алышты деп айтып жатты окшойт (ИИМдин экстремизм жана терроризм менен күрөшүү башкармалыгы — ред.). Бирок аны эмне үчүн суракка чакырылып жатканы боюнча эч кандай кагаз түрүндөгү негиздемеси жок эле алып кетип жатышты. Анын жашы да жете элек, аны болсо улуу адамдардын же адвокаттын катышуусусуз суракка алып жатат. Бул мыйзамсыз да», — деди Яркиной.

Ал кошумчалагандай, туугандары Ахрордун ден соолугуна тынчсызданып жатышат. Анын айтымында, Ахрор бозоруп кеткен жана каза болгон агасына жана ата-энесине кабатырланып жатат.

«Мына, коңшулар да көрүшүптүр. Ахрор аппак болуп калыптыр деп айтышты», — деди ал.

Акбаржонду Оштогу жакындары кантип эскеришет?

Белгисиз бойдон калгысы келген Ахрордун досу Kloop.kgге айтып бергендей, Ахрорго психологиялык жардам керек.

«6-апрель күнү кечинде бошотулуп чыкканда ал көңүлсүз, өзүн жоготуп койгон абалда болчу. Аз сүйлөп калыптыр. Ага психологиялык колдоо керек», — деди ал.

Ош ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге курган маегинде бул абал боюнча комментарий бере албасын, анткени тергөөнү ИИМдин 10-бөлүмү эмес, УКМК жүргүзүп жатканын айтты.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Орусиянын тергөө комитетине кайрылуу керек экендигин, анткени тергөөнү ошолор жүргүзүп жатканын айтып, кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

Петербургдагы террордук чабуул

Петербургдун метрополитениндеги жарылуу 3-апрелде поезддин вагонунда, «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда болгон. Террордук чабуулдун айынан 14 киши курман болуп, 50дөн ашуун адам жабыркаган.

Экинчи жардыруучу түзмөк өрт баскыч сыяктуу жасалып, аны «Площадь восстания» станциясынан табышкан. Аны жарылгыча зыянсыздандырганга жетишип калышкан.

Орусиянын укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шектүү киши Акбаржон Жалилов Кыргызстанда туулганын бирок соңку алты жылдан бери Орусияда жашап жатканын аныкташкан.

Орусиянын тергөө комитетинин маалыматы боюнча, ДНК-экспертиза терактты Жалилов жасаганын ырастаган. Жалиловдун ата-энеси да уулунун сөөгүн таанышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: