Тажикстандагы Кара-Көл көлүнүн жээгинде этникалык кыргыздар отурукташкан жер бар. Көлдө балык жок, ал жерде эч кандай дарак да жок, бир гана топоздор туз каптаган жээкте оттоп жүрүшөт. Фотосүрөтчү Рустем Ильясов Кара-Көлгө барып Тажикстандагы кыргыздардын жашоосун көрүп келген.

Баяндоо Рустем Ильясовдун атынан жүргүзүлөт.

2016-жылдын августунда «Roof of the World Regatta» суу регатасын чагылдырыш үчүн мени Тажикстанга чакырышты. Ал кичинекей Кара-Көл көлүндө өттү.

Тажикстандын бийлиги жана өкмөттүк эмес уюмдар бир нече жылдардан бери Тоолуу Бадакшан аймагында туризмди өнүктүрүү үчүн суу регатасын өткөрүп келишет.

Кара-Көлгө чейинки жол

Биз Бишкектен августтун аяк ченинде чыгып кеттик. Жолдо биринчи токтогон жерибиз Ош болду.

Кара-Көлдө биз жергиликтүү мектепке барууну пландап, окуучуларга керектүү канцелярдык буюмдарды сатып алдык. Мени менен бирге бир ыктыярчы кыз да барды. Ал барып Кара-Көлдөгү балдарга англис тилинен сабак берүүнү пландаган болчу.

Бизди алдын ала эле жолдо эки велосипедчини, Николас менен Сирияны, кезиктирип калышыбыз мүмкүн экенин эскертишти. Алар да Кара-Көлгө бараткан экен, ошондуктан бизге алардын жүктөрүнүн бир бөлүгүн ала кетишибиз керек экенин айтышты.

Кийин билгенимдей, көрсө, алар он миң километр аралыкты велосипед менен басып өтүшүптүр. Велосипеддердин бирине араба чиркелип, ага кайт (сёрфинг үчүн аэроканаттуу такта) менен гитара жүктөп коюшту.

Биз кыргыз чек арасынан ийгиликтүү өтүп алдык, алдыда бизди 4300 метр бийиктиктеги оор Кызыл-Арт ашуусу күтүп турган. Андан кийин болсо — тажик чек ара өтмөгү.

Тажиктер бизди жакшы кабыл алышты. Биздин кайда баратканыбызды уккандан кийин алар кайтышта волейбол тобубузду таштап кетишибизди өтүнүштү, анткени чек ара бекетинде башка ойной турган эч нерсе деле жок экен.

Биз бекетте турган убакта кар жаап кирип, аябай катуу суук болуп кетти. Жаныбыздан эскирген, өңү кубарган формачан жана эски кроссовкачан солдат жүгүрүп өтүп кетти эле, мындай жерде кызмат өтөгүм келбей кетти.

Бул сапарга ушул эле долбоорго катышып жаткан досумдун шарапаты менен кошулуп калдым. Кара-Көл тууралуу ал: «Кыргызстандын эң кедей айылын элестетип көр. Элестеттиңби? Биз бара турган жерибиз андан да кедей» деп айтып берип жатты.

Көл жээгиндеги кыштак

Биз түндөсү көл жээгиндеги айылга жетип, конок үйлөрүнүн бирине жайгаштык.

Көл бизди узап бараткан түндүн караңгы өңү менен тосуп алды, анан да башыбыз катуу ооруп туруп алды, узак жол менен бийиктиктен болду окшойт.

Кыштак «Памир тракты» деп аталган көлдүн чыгыш жээгинде жайгашкан. Ал жердин тургундарынын дээрлик баары этникалык кыргыздар.

Бул мен кыргыз-тажик чек арасынан жүздөгөн километр өткөндөн кийинки кезиктирген алгачкы калктуу конуш болчу. Айылдагы жолдун ары жагында чек ара бекети жайгашкан, андан ары Кытайдын чек арасы башталат.

Бул үйлөрдө этникалык кыргыздар жашашат.

Көл мейкиндигинин фонунда ак дубалдары жана топурактан жасалган жалпак чатырлары бар үйлөр жана кыштак, аны менен катар СССР доорунан калган электр түркүктөрү көзгө урунат. Бул жерде электр жарыгы болсо көптөн бери эле берилбей калган.

Кара-Көлдө бир да дарак же болбосо бадал да жок, анын үстүнө жыл ичинде эч кандай деле жаан жаабайт.

Каракөлдүктөрдүн оңой эмес жашоосу.

Бул жерде электр жарыгы жок болгону менен күн батареялары менен бензин генераторлору бар. Үйдү болсо тезектер жана отун чөптөр менен жылытышат.

Кыштак болсо чоң эмес, болжолдуу 500-600 адам жашайт. Бир канча суу чыгарган колонкалар бар.

Бутуңа аралашып, чатырларда, үйдүн дубалдарында да, бардык эле жерде тоо эчкилердин баш сөөктөрүн көрөсүң.

Бул айыл аркылуу туристтик жол өткөндүктөн конок үйлөргө түнөп калганга да болот.

Биз жайгашкан конок үйү аябай эле чоң экен, ага биздин командабыздын баары батып кетти.

Конок үйү.

Кара-Көлдө бир туристке конок үйүндө жашоо 25 АКШ доллары турат. Бул суммага үч маал тамак, гаджеттерди заряддоо жана эс алып түнөп кетүү үчүн бир бөлмө кирет.

Жээкте оттоп жүргөн топоз.

Каракөлдүктөр туризмдин эсебинен жашашат, андан тышкары топоз жана койлорду багып, мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Топоздор туз каптаган жээктерде оттошот. Көлдө балык болсо жок. Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, көлгө бир канча жолу балык алып келип салышкан, бирок балыктар жашап кеткен эмес.

Көлдүн түбү туздан турат. Анда суу жай мезгилинде да аябай муздак, даамы болсо таттуу-ачуу туздуу.

Бул жердеги климаттык шарттар татаал: тоолуу аймак (айыл 3900 м бийиктикте жайгашкан), катуу шамал, жергиликтүүлөрдүн айтымында, кышында орто эсеп менен 40 градустай суук болот.

Көл болсо аябай кооз жана сүрдүү. Окумуштуулардын божомолу боюнча көл метеориттен пайда болгон. Узундугу 33 километрдей, туурасы 24 км, ал эми тереңдиги 236 метрге чейин.

Жергиликтүү тургундар аябай меймандос. Биз балдары менен жашаган бир жесир аялдын үйүнө кондук. Алардын үйү айылдын чет жагында болчу. Үйү кире бериштен жана анча чоң эмес бөлмөдөн турат экен. Анда пленка тартылган бир терезе, күн батареясы жана 1-2 күңүрт күйгөн лампа.

Алар биз үчүн атайын дасторкон жайып, эмнеси болсо баарын алып келип сыйлашты.

Үйдү болсо эски бочкадан жасалган меш жылытып жатты. Сыртта болсо нан жапкан тандыр бар экен.

Оюнчук көк бөрү жана батперектер

Биз негизи регата үчүн барган болсок да жергиликтүү мектепте окуган балдарга деп канцелярдык буюмдарды да ала барган элек.

Кара-Көлдүн мектеби бир кабаттуу, бекем чатыры менен жана бир нече бөлмөдөн турган имарат экен. Электр жарыгы жок болгондуктан сабак башталганда атайын коңгуроонун жардамы менен белги беришет.

Бир жума бою жергиликтүү бийликтин уруксаты менен биз балдар менен иштеп, англис тилин үйрөтүп, батперектерди жасаганга мүмкүнчүлүгүбүз болду.

Балдар аябай жылуу кабыл алып, бат эле тил табышып жатышты. Алар дайым эле туристтер менен алака түзүп жүргөнү дароо эле белгилүү болуп калды. Мени да турист деп ойлошуп, көнүмүш болуп калгандай «Hello» же «No photo» деп айтып жатышты.

Биз алдыда өтө турган регата темасына байланыштуу сүрөт тартуу боюнча сынак уюштурдук. Балдар көптөгөн кызыктуу сүрөттөрдү тартышты.

Менин оюмча, айрым балдар эч качан жандуу даракты көрбөгөндүгү үчүн сүрөттөрүндө бир гана тоолорду, чөптөрдү жана көлдү тартып жатышты.

Балдар менен бирге алар өздөрү жасаган батперектерди учуруп ойнодук.

Мектеп имаратында балдар бакчасы да жайгашкан экен. Ал жерде биз балдар менен чогуу көк бөрү оюну үчүн оюнчук аттарды жасадык.

Регата

Регата башталганга чейин биз жээктен таштандынын бир бөлүгүн тазалап, таштанды төккөн жерге алып барып ыргыттык.

Таштанды төккөн жай — бул өзгөчө жер. Анткени бир эле жерде мынчалык консерва банкаларын дайым эле көрө бербейсиң. Оюмча, бул мурдагы муундун мурасы: мурда бул жерде советтик аскер базасы болгон.

Регатага катышуу ыктыярдуу негизде өтөт, бул жолкусунда эки гана катышуучу чыкты. Алар дал ошол биз жолдо кезиктирген велосипедчилер болчу.

Экстремалдуу сууларга адистешкен француз сүзүүчүлөр тобунун катышуусу пландалып жаткан болчу, бирок алар баш тартып коюшту. Анткени сүзүү үчүн суу бийик тоолуу, анан да муздак болуп шарттар туура келбей калды.

Августтун соңунда шамал сезону башталып, кайт тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жылуу гидрокостюмдарга карабастан катышуучулар үшүп жатышты.

Бир аптабыз ушинтип өтүп кетти, регата да аяктап, биз өзүбүздүн жаңы досторубуз менен коштоштук. Биз акырында Николас жана Сирия менен коштоштук. Алар велосипеддери менен өз сапарын андан ары улантышты.

Сүрөт: Рустем Ильясов


ТЕМА БОЮНЧА: