Жалгыз бой таланттардын клубу: Поэзия, ырдоо жана спорт пенсионерлердин жашоосуна кантип дем берет?

Кызыл жарым ай уюмунун Бишкектеги филиалында жалгыз бой пенсионерлер үчүн клуб ачылган. Анда аптасына бир жолудан жана майрам сайын жалгыз бой байбичелер менен абышкалар чогулушат. Алар чогулуп алып чыгармачылык жана спорт менен алектенишет. Kloop.kgнин кабарчысы Элвира Муратова клубдун үч мүчөсү менен таанышып, алардын окуяларын угуп келген.

Жаш акын

Анатолий Тимошенко.

Анатолий Тимошенко, же Александр ТАН жаңы эле акындык менен алектене баштаган. Ал жаш кезинде ыр жаза баштап, бирок кийин токтотуп койгон. Ыр жаратуу ышкысы үч жыл мурда пайда болгон.

«Кызыл жарым ай клубуна болжол менен 2013-жылдан бери барып жүрөм. Мен аларга ырларымдын биринчи топтомун чыгарып бергени үчүн аябай ыраазымын. 3-апрель күнү менин алгачкы поэзия кечем жана "Өткөндү эстеп" деген жыйнагымдын бет ачаары болуп өттү», — деп айтып берип жатты ал ыр китебин колуна кармап алып.

Өзү гемодиализ боюнча дарыланган ооруканадагы медайымдар менен бейтаптар тууралуу тамашалуу ырларды Анатолий үч жыл мурда жаза баштаган.

Анатолийге эргүү дарыланып жүргөндө келе баштаптыр. Төрт саат бою жөн эле жата бергендин ордуна ал ыр жараткан экен.

«Өзүм сүйгөн ырларымдын бирин 28 жаштагы журналист бейтапка арнагам. Экинчи чыгармамды ал көз жумгандан кийин аза ыры сыяктуу ал иштеген гезитке чыгаргам. Ошондо анын элесин сактап калган менин ырларым анын туугандары үчүн чоң мааниге ээ экенин түшүнгөм», — деди Анатолий Тимошенко.

«…Жылдыздар дагы кээде өчүп, кээде өчөт биротоло.
Гезит чыгарайын деп, улуу инсан болоюн деп кыялданасың
Аттиң, журналистке да, акынга да жашоо кыйын,
Аларды эч ким окубай койсо.» (Александр ТАН)

Анатолий бала кезинде «ырларды кыздар гана жазат» деп ойлогонун эскерди. Агасы Александрдын столунан Лермонтовдун эмгектерин көргөндөн кийин кантип ырлар аркылуу «күч-кубатты» жеткирүүгө болооруна таң калган.

«Ошондон бери Лермонтов менен Есениндин ырларын окуй баштагам. Алар менин сүйүктүү акындарым жана алардын ыр жыйнактары эмгиче шкафымда толуп жатат. Анын [агамдын] жүрөгү оорулуу болчу. Ал 20га чыкканда өтүп кетти. Ал көз жумгандан кийин жашоого кызыкпай калдым. Спортту таштап, китеп окубай, ырларды жазбай калдым», — деп эскерди пенсионер.

Анатолийдин агасы жашоосунун маанилүү бир бөлүгү болчу. Ошондуктан ал кайра ыр жаза баштагандан кийин агасынын урматына  Александр ТАН каймана атын алган. ТАН болсо акындын өз атынын баш тамгалары — Тимошенко Анатолий Николаевич.

«Кытай империясынын аталышы да ушундай болчу. Ошондой эле кыргызчадан которгондо бул "таң" дегенди билдирет», — кошумчалады ал.

Ал бейтаптар менен медайымдарга ыр арнаган ооруканага беш жыл мурда бара баштаган. Ал бул жерге аптасына үч жолу гемодиализ алыш үчүн барат.

«Гемодиализ бекер жасалат, бирок дары-дармек үчүн аябай көп акча кетет. Мен дагы эки операция жасатышым керек, бирок каражат жок. Илдет көп күч менен эстутумду алып коёт экен. Мен ырларымды эстебей деле калдым, дептерден гана окуйм», — дейт ал.

Анатолийдин бөйрөгүндөгү мүшкүл 18 жыл мурда аныкталган, анда да кокусунан. Ал мушташта бөйрөгүнөн жабыркап, ооруканага түшкөн.

Тааныш дарыгер анализ жүргүзүп, өнөкөт бөйрөк кемтиги деп дарт белгисин койгон. Анда Анатолий 44 жашта болчу.

«Кийин көзүмдүн көрүшү боюнча кыйынчылык жаралды. Мен дээрлик сокур болуп калып, бирок жакшы адамдар чыгып чечекейимди алмаштыруу боюнча бекер операция жасап беришти», — деп айтып берди Анатолий.

Анатолийдин айтымында, анын өнөкөт бөйрөк оорусу — сейрек кездешкен илдет. Гемодиализге муктаж болгон адамдардын тобунда 70 киши болсо, Анатолийдикине окшош илдет бир гана аялда бар.

«Мындай форма менен Сүймөнкул Чокморов да жабыркаган. Мен анын мүрзөсүнө барып, таазим этким келип атат. Бул улуу инсанды жана анын чыгармачылыгын аябай сыйлайм», — дейт Анатолий.

Анатолий ден соолугуна байланыштуу алты жылдан бери иштебейт. Акыркы жолу ал наабайканада айдоочу болуп иштеген. Шайыр жана ачык мүнөзүнөн улам ал оңой эле кардарларды таап иштегенин айтып берди.

Ал апасынын батиринде 1998-жылдан бери жалгыз жашайт. Үйүн оңдогонго болсо акчасы жок.

Балалыгын ал ушул үйдө, бирок башка батирде жашап өткөргөн. Апасы 2009-жылы көз жумган.

Анатолийдин бир кызы бар. Ал кызын өзү жалгыз 2-класстан 7-класска чейин тарбиялаган. Азыр кызы 17 жашта жана апасы менен жашайт.

Акындын жалгыздыгын үй жаныбарлары бөлүшөт — анын үч мышыгы бар. Жаныбарларды кызы көчөдөн таап, атасына алып келип берген.

Барселон деп аталган мышыгы бат-бат ооруп турат, ошондуктан анын дарысы менен тамагына ай сайын 1200-1300 сом кетет. Ал эми Анатолийдин пенсиясы 5400 сом. Ал өзүнүн дарыларына эле 2000 сомдой акча кетээрин айтат.

«Сарамжалдап колдонгонго аракет кылам», — деп үшкүрүндү ТАН.

«Кыргыз Зыкинасы»

Римма Лавренович.

Римма Лавреновичти «кыргыз Зыкинасы» деп атап коюшат. Ал 62 жашында ырдай баштаган.

«Мен 62 жашымда ырдап, ошону менен жашоомду узартып келатам. Пенсияга чыккандан кийин ырдай баштагам. Мен жакында 85ке чыгам», — деп айтып өттү ал.

Римма Лавренович ырдаган ансамбль «Булак (Родник)» деп аталат жана 22 жылдан бери иштеп келет.

«Мен көбүнчө өзүм ырдайм. Репертуарымда кыргыз жана орус улуттук ырлары бар», — деп бөлүшө кетти ал.

Лавренович ансамблге ардагерлерге арналган эс алуу учурунда кокустан эле кошулуп калган.

«62 жашымда мага Бишкектеги "Ардагер" пансионуна жолдомо беришти. Ал жерде мен хор ансамблине кирип калдым. Ошондон бери ырдайм. Ансамблдеги биринчи эле айда эки дептерди ырга толтуруп чыктым. Жеке аткаруудагы 15 ырым, дуэт менен — 10, хор менен 10 ырым бар», — деп айтып берип жатты Римма.

Мурда ал ырдап эле калбастан, бийлеп да жүрчү. Буттары ооруганынан бийди таштаганга туура келген.

«75 жашка чейин мен бийге барчумун. Панфилов паркында үйлөмө оркестр ойноп, биз болсо бийлечүбүз. Кийин парктын баарын тосуп салышып, бийчилер Ататүрк паркына өтүп кеттик. Үйдөн ал жерге чейин алыс, анын үстүнө бутум начарлап бийге барбай калдым», — деди ал.

Римма Николаевна Уралда жарык дүйнөгө келген. Ал 15 жашынан тарта станокто иштеп, бешинчи даражадагы жыгач уста адистигине ээ.

«Эки бала төрөдүм. Бири кайтыш болуп калды, дагы бири Орусияга качып кетти. Мен болсо өзүм жалгыз жашайм», — деп айтып жатты ал терезени карап жатып.

Кыргызстанга ал 1965-жылы келип калган. Фрунзеге үй-бүлөсү менен көчүп келип, алар кооператив сатып алууну пландап жүрүшкөн. Ал үчүн каттоо керек болуп калып, планы ишке ашпай калган. Римманын айтымында, ал туңгуюкка кептелип калган: каттоого турайын десе ишке кириши керек болгон, ал эми ишке болсо каттоосу жок кабыл алышкан эмес.

Ошентип ал жолдошу менен жумуш таба алышкан. Римма Николаевнанын жолдошу темир уста болгон экен, ал эми өзү болсо «Тяжмаш» заводунда иштептир. Бир жылдан кийин ал «Фрунзе» заводуна машинист компрессор катары ишке орношкон.

«Бул даана эркектердин жумушу болчу», — деп эскерди Римма Николаевна.

Кийин алар улуу уулун деңизде сүзүү окуусуна киргизиш үчүн Одессага кетишкен. Ал жерде Римма Николаевнанын туугандары, үч эжеси жашачу. Бир туугандары тууралуу ага азыркы күнгө чейин эч нерсе белгисиз.

Учурда Римма дээрлик өзү жалгыз жашайт. Анын бир эле небереси бар, ал каза болгон уулунун баласы. Ал Политехте окуйт жана окуусун Германияда улантайын деп жатат. Небересин жакшы көргөн байбиче ал үчүн акча топтоп жүрөт.

Римманын ден соолугу жакшы эмес. Анын остеопорозу, диабети, панкреатити, жатын өсмөсү жана башка көп илдеттери бар. Операциядан болсо «кыргыз Зыкинасы» баш тартып койгон.

«Ар кандай балакет менин үстүмө минип алган. Мунун баарынан мага ырдоо жардам берет. Үйгө келгенден кийин болсо маанайым түшүп калат», — деп үшкүрүндү ал.

Римма Николаевнанын пенсиясы 5500 сом. Бул сумманын жарымы эле коммуналдык кызматтарга кетет.

Жылына эки жолу аны «Ардагерде» эс алууга жөнөтүшөт.

«Январда мен эс алдым. Майда дагы ошол жерге баргым келип турат, бул убакытта газга да акча чогулуп калат», — деп пландап жатат ал.

Байбиче 27 жылдан бери Бишкектин түндүгүндөгү эски тамда жашайт.

«Бир үй конок үйү тибинде. Ал жерде үч үй-бүлө турат: өзбектер, кыргыздар анан мен. Мени алар сыйлашат. Биз жактагы төрт үйдү сатып алышты, биздин үйдү сатып алган жок, анткени жери кичинекей, болгону төрт сотка», — деп айтып өттү ал.

Кызыл жарым ай клубуна Римма Николаевнаны соцкоргоо кызматында иштеген бир кыз алып келген. Клубга ал бир жылдан бери келет. Клубдун өз хорун түптөгүсү да келишкен, бирок ал жерде жалгыз  «кыргыз Зыкинасынан» башка эч ким ырдабайт.

Спортчу-воркаутер

Николай Епифанович.

Николай Елисеев Кызыл жарым ай клубундагы башка мүчөлөрдөн айырмаланып өзүн чыгармачылык боюнча эмес, спорт жагынан көрсөткөн. Пенсионер ден соолугун жакшыртыш үчүн фитнес менен үч жылдан бери алектенет.

«Менин тизе муундарым ооруйт, остеопорозум бар. Спорт менен машыккандан башка эч кандай май, дарылар, ушалоо жардам бербей турган болуп калды», — деп түшүндүрдү ал.

Залга Николай Елисеев ар дайым аптасына үч жолу келет. Башында ал машыгыш үчүн акча төлөчү, эмгек ардагери күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин ал залга бекер кирүү мүмкүнчүлүгүн алган.

Пенсионердин жашы 90го чукулдап калган болсо да ал бир топ эле жаш көрүнөт. Николайдын айтымында, ал өзүн өтө жакшы сезет.

«Ден соолугум жакшы. Кан басымым 80ге 120. Мен жер астындагы космонавт сыяктуумун: эгер Алексей Елисеев космоско учкан болсо, мен жер астына учкам», — деп күлдү ал.

«Жер астындагы космонавт» деп ветеран-воркаутер өзүн жөн эле атап алган эмес. Жаш кезинде ал көп жыл бою шахтёр болуп иштеген.

Николай Елисеев Украинада 1929-жылы туулган. Согуш башталганда ал 5-классты аяктаган эле. Кийин тракторчу болуп иштеген, андан соң шахтёр болуп иштеп, Кемерового тоо мастери болуп да иштеп келген.

Николайдын билими беш эле класстын деңгээлинде болгондуктан ал квалификациясын жогорулатыш үчүн курстарга көп барган. 10-классты аяктаган соң өз мекенине келген. Ал жерде да жашоосу шахта менен байланыштуу болуп, бирок бул жолкусунда ал жетектөөчү кызматта иштеген.

Пенсияга чыккандан кийин Колымадагы батирин Бишкектеги жер тилкесине алмаштырып, Николай жубайы экөө Кыргызстанга келишкен.

Учурда пенсионер өзү жалгыз жашайт. Анын жубайы, өзү эркелетип атап койгондой, Настенька, 22 жыл мурда каза тааптыр.

«11-мартта каза болгон. Бир рюмка ичтим, болгону ошол. Улуу уулум көз жумган, кичүүсү жоголуп кеткен. Улуумдан калган эки неберем Орусияда жашайт. Чөбөрөлөрүм да бар, алар да Орусияда турушат. Неберемдин үйү Волганын чет-жакасында. Мен аларга кээде эле барам, анткени мага климаты жакпайт. Бул жерде таяк менен болсо да баса алам, ал жакта бутумду кыймылдата албай калам», — деп нааразыланды ал.

Жалгыздык менен күрөшүш үчүн Николай Ардагерлердин кеңешине барып, жетекчисине ыктыярдуу түрдө жардам берип турат.

«Негизинен ал эмнени айтса, баарын жасайм. Бул үчүн мага эч нерсе төлөнбөйт. Бирок мен нааразы эмесмин. Мен Орусиянын жараны жана эмгек ардагери катары 33000 рубль алам», — деп айтып өттү пенсионер.

Ал үйүндө болгон кездерде гезит, китеп окуп, сыналгы көрүп, анан күндөлүк толтуруп убакыт өткөрөт. Анын айтымында, залдагы машыгуулар оор деле эмес. Ветеран жашоосу боюнча өзүн бир формада кармап келген: сууда сүзүп, коньки тээп, чуркап, футбол ойноп жүргөн.

«2005-жылга чейин ар күнү эртең менен Фучик паркында чуркачумун. Эми кайра жүгүрө баштаган убакытты күтүп жүрөм. Машыктыруучум убада берип атат, бирок мен эми ага ишенбей деле калдым», — деп күлөт ал.

Сүрөт: Эльвира Муратова


ТЕМА БОЮНЧА: