Үч милиция кызматкери кыйноо боюнча айыпталып ТИЗОго жайгаштырылды

Москва райондук соту 6-апрелде үч милиция кызматкерин кыйноо боюнча айыптап камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Азыр ал үчөө тергөө изоляторуна киргизилди, ага чейин алар эч жакка кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып беришкен.

Акча уурдады деп айыпталган үч жабыркаган жаран милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазышкан. Жабыркагандардын айтымында, Чүй облусунун Москва районунун ИИБнин ыкчам кызматкерлери аларды кылмышты моюнга алган көрсөтмө алыш үчүн сабашкан.

Жабыркагандардын бири башка жана денесине сокку жегенин айтты. Анын сөзү боюнча ыкчам кызматкерлер анын башына пакет кийгизип, ал маал-маалы менен эсин жоготуп турган. Ал каршылык көрсөтпөшү үчүн милиция кызматкерлери аны стулга тургузуп, ошол эле стул менен колдон ары урушкан.

Сот-медициналык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар жабыркагандардын сөзүн ырастаган.

Жабыркагандардын бирөөнүн энесинин айтымында, участкалык милиция кызматкери анын уулун 2015-жылдын 13-январында милициянын кыштактагы бөлүмүнө түшүндүрмө кат жазасың деп алып келген. Андан кийин милиция кызматкерлери жабыркаган жарандын энесин эки мүнөткө чыга турууну суранышкан.

«Андан соң ал жакка үч ыкчам кызматкер кирип, бизге эч нерсе түшүндүрбөстөн уулумдун колуна кишен салып алып чыгып, автоунаага салып, алып кетишти. Биз артынан кеттик, бирок биздин жолубузду номери жок экинчи автоунаа тосуп алды. Уулум отурган автоунаа изин жашырып кетти», — деди ал.

Энесинин айтымында, анын уулун ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы бардык милиция бөлүмдөрүндө издеп, эртең менен гана Беловодское айылында тапкан.

Кийинчерээк ал уулу ошол айылдагы 19 миң сомдук уурулук боюнча айыпталып жатканын билген. Жабыркаган жарандын энеси уулун ушул жана башка кылмыш иштерин моюнга алган көрсөтмө алыш үчүн милиция кыйнаганына ишенет.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө


ТЕМА БОЮНЧА: