Кыргызстанда 2018-жылдан тартып ДНК-изилдөөлөр жүргүзүлө баштайт

Республикалык «СПИД» борборунда 2018-жылдан тартып ДНКны изилдөө жүргүзүлө баштайт. Борбордун жетекчилиги Орусиядан лабораториялык жабдуу алды.

Республикалык «СПИД» борборунун башчысы Улан Кадырбеков Бишкекке 6-апрелде клеткалардын ДНКсын изилдөө боюнча аппарат үчүн орусиялык жабдуу жеткирилгенин билдирди. Жабдууга Кыргызстан 683,5 миң рубль жумшады.

Кадырбековдун айтымында, жакын арада изилдөөлөр үчүн тест-системалардын жана жумшалуучу материалдардын келиши пландалууда.

Кадырбеков ДНК-изилдөөлөр үчүн лабораторияны сертифакациялап, адистерди окутуу зарыл экенин айтты. Бул иштерди аткаруу 2018-жылга пландалууда.

«Ошондон кийин биз Монополияга каршы агенттиктен ошондой изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн бааларынын прейскурантын бекитебиз», — деди ал.

Жабдуу Республикалык «СПИД» борборунда орнотулаары менен изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу башталат.

Жаңы жабдуу көптөгөн тукум куучулук оорулардын себептери болгон ДНКнын генетикалык трансмутациясын аныктаганга мүмкүнчүлүк берет.

Дарыгерлер ошондой эле ВИЧ-инфекцияны, кургак учукту, вирустук гепатитти дарылоодогу дарыларга туруктуулукту изилдеп, онкомаркерлерди аныктай алышат.

Эми Кыргызстанда баланын атасын же энесин аныкташ үчүн ДНК тесттерин өткөрүп, адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк бар.

Мурда тууганчылыгын изилдеш үчүн кыргызстандыктар Орусиянын же Казакстандын лабораторияларына кайрылууга аргасыз болчу.

Сүрөт: sudexpert.gov.by


ТЕМА БОЮНЧА: