Муфтияттын исламдын беделин коргоо демилгеси

Кыргызстан мусулмандарынын 4-апрелде өткөн алтынчы курултайынын делегаттары Муфтияттын уставын өзгөртүү тууралуу Аалымдар кеңешинин сунушун кубаттады.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Уставга сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдүн катарында мусулмандардын беделине шек келтиргендерди мыйзам чегинде жоопко тарттырууга аракет көрүү жобосу да бар.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Ислам университетинин ректору Марс Ибраевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, уставда мусулмандардын ишенимине шек келтиргендерди, бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу материалдарды жарыялагандарды мыйзам чегинде жоопко тарттыруу маселеси жазылган:

- Биринчи пунктта турат. Муфтият Алла-Таллага, динибизге, мусулмандарга жана пайгамбарларыбызга каршы багытталып, ЖМК аркылуу материалдарды жарыялагандарды мыйзам чегинде жоопко тарттыруу аракетин көрөт. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) жана Аалымдар кеңешинин иштерине жардам көрсөтүү, динибизди жана мусулмандардын ички-тышкы кас күчтөрдөн мыйзам чегинде коргонуусун камсыз кылуу максатында демилгелүү укук коргоочу топ иштесин деген сунушту киргиздик.

Марс Ибраев кошумчалагандай, Аалымдар кеңешинин мындай кадамына ислам динине акарат келтирген учурлар көбөйүп кеткени түрткү берди. Учурдагы уставда мусулманчылыкты жаманатты кылгандардын үстүнөн арызданууга муфтиятка кандайдыр бир укуктар берилген эмес:

Марс Ибраев.

- Акыркы учурда мейли ал башка ишенимдеги адамбы же атеисттик пикирдеги инсанбы, ислам динин ар кандай сындагандар көп болуп жатпайбы. Жалаа жаап, каралап дегендей. Бүгүнкү күнү муфтияттын ошолорго каршы чара көрүүгө кандайдыр бир укугу жок экен. Жеке инсан гана арызданышы мүмкүн экен, кимдин беделине доо кетсе. Жалпы мусулмандарга айтылган учурда муфтият демилгени колго алып, Аалымдар кеңеши топ түзүп, сотко берип же мунун укуктук жагын карасын деген негизде өзгөртүү киргизилип жатат. Жакында эле "жайсаңчы" сыяктуу немелердин ислам динин каралаганы, муфтиятка, мусулмандарга, Куранга болгон акараты, Жараткан Алла Тааланы "шайтан" деп айткан учурлары көп кездешти да. Мусулмандар ыйык туткан затка каршы, диний ишенимге каршы жана мусулмандардын кыжырын кайнаткан учурлар болуп жатат. Бир адам арызданса, ал сотто деле, башка жакта деле чоң күчкө ээ болбой жатат. Мусулмандардын кызыкчылыгын муфтият коргойт. Демек, муфтият бул ишти иликтеп, талдап, Аалымдар кеңеши менен кеңешип, жүйөлүү деп табылса, сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсун деген сунуш болду. Муфтият дин башкармалыгы катары укуктук жактан таасирдүүрөк болуп, аны бирөө тебелебесин деген эле сөз.

Коопсуздук боюнча эксперт Бакытбек Жумагулов кандай гана ишеним болбосун ага шек келтирүүгө мыйзам тыюу саларын белгилеп, Аалымдар кеңешинин демилгеси туура деп эсептейт:

- Мыйзамдагы эрежелерди булар өздөрүнүн уставына киргизип атыптыр. Коомчулукта террорчулукту көп учурда ислам менен байланыштыргандар бар да. Диний ишмерлер "ислам десе эле террорчулукту түшүнбөгүлө" деп айтып келишет. Ушул жактан алып караганда, алар коргонуу, сактануу маселесин көтөргөн.

Ошол эле кезде диний ишенимге шек келтирген учурларды укук коргоо органдары гана иликтөөгө тийиш деген пикирлер да жок эмес. Саясий эксперт Эмил Жураев мусулмандар дин башкармалыгынын уставына сунушталган өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, коомдо ажырым пайда болушу мүмкүн деп кооптонот. Ошондой эле ал ислам дининин ичинде түрдүү көз караштар, карама-каршылыктар да бар экенин эске салды:

Эмил Жураев.

- Жеке жаран катары, жарандык топ катары ар бирибиздин мыйзамда буга чейин эле так көрсөтүлгөн укук, мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мыйзам бузулганын көрсөк же өзүбүз жапа чексек, укук коргоо органдарына кайрыла алабыз. Эгер муфтият өзү чечип, кандайдыр бир иш козгоого түрткү берчү болсо, анда бул жааттагы мыйзамдын чегинен аша чапкандыкка жол ачылып калчудай. Эгер дин башкармалыктын функциясына ушундай иштер кире турган болсо, ажырым да жаралышы мүмкүн. Башка диндерди мындай кое туралы, ислам дининин ичинде эле түрдүү көз караш, айырмачылыктар бар. Муфтият өзүнүн бейтарап деген статусун жоготуп коюшу да ыктымал.

Муфтияттын уставына сунушталган өзгөртүүнү 4-апрелде Мусулмандар курултайы көпчүлүк добуш менен колдоп берди. Аалымдар кеңешинен билдиришкендей, эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Юстиция министрлиги жана башка тиешелүү мекемелерге жиберилип, алар макулдук берсе ишке киргизүү мерчемделүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: