Орусия: Салехарддагы өрттө бир кыргызстандык курман болду, дагы экөө ооруканада

Орусиянын Салехард шаарындагы өрттөн Кыргызстандын жараны курман болду, дагы эки кыргызстандык шаардык ооруканага жеткирилди.

Орусиянын Тергөө комитетинин Ямало-Ненецк автоном аймагы боюнча бөлүмү Салехардда 9-апрелде болгон өрттө Кыргызстандын жараны курман болуп, дагы эки кыргызстандык жаран ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Баштапкы маалыматтар боюнча, турак үйдөгү от газ баллондун бузулганынан улам чыккан.

Тергөөчүлөр курман болгон кишинин жана жабыркаган эки адамдын өздүгүн аныкташты, алар жергиликтүү «Ямата» фирмасында иштеп жүрүшкөн.

Тергөө комитети окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө


ТЕМА БОЮНЧА: