Эркин Мамбеталиевдин жан сакчылары ТИЗОго камалды

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин эки жеке жан сакчысы тергөө изоляторуна камалды. Алар курал-жаракты мыйзамсыз сактап, ташып жүрүшкөнү үчүн айыпталууда.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкы башкармалык (УКККББ) Мамбеталиевдин эки жан сакчысы ок атуучу куралды мыйзамсыз ташыганы жана сактаганы үчүн ТИЗОго камалганын билдирди, бирок алар канча мөөнөткө камалганы белгисиз.

Эркин Мамбеталиев өзү бул иш боюнча күбө катары да өткөн жок, анткени ага каршы кандайдыр көрсөтмө берилген эмес. Тергөө улантылууда.

2017-жылдын февралынын ортосунда УКККББ кызматкерлери Атамбаевдин мурдагы жан сакчысына таандык «Suburban» жана «Lexus LS 570» маркасындагы эки автоунааны алдыңкы терезелери күңүрттөлгөнү жана жасалма номерлерди такканы үчүн токтотушкан.

Автоунаалардын биринден документтери жок эки «Сайга» мылтыгы жана эки травматикалык тапанча табылган.

Жан сакчылар Мамбеталиев менен кошо УКККББга жеткирилген. Мамбеталиев 14 миң сом штраф төлөп, протокол түзүлгөн соң кое берилген.

ШИИБнин башчысы Самат Курманкулов ал кезде Мамбеталиевге каршы кылмыш иши козголбой тургандыгын, анткени ал куралдын уруксат кагазын көрсөткөнүн айткан болчу.

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы

Эркин Мамбеталиев биринчи президент Аскар Акаевдин убагынан бери эле Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп келген. Мамбеталиев Атамбаевди 2005-жылга чейин коргоп жүргөн.

Андан кийин алар расмий жолугушкан эмес, эмнеси болсо да 2011-жылы президент болгондо Атамбаев өзү ошентип айтканы бар.

Мамбеталиевди кылмыш дүйнөсү менен да байланыштырып жүрүшөт, көп учурда аны Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деп атап жүрүшкөн.

Президенттин мурдагы жан сакчысы бир нече жолу, 2004-жылы, андан соң 2006-жылы кармалган. Эки кармалышы тең милициянын полковники Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу болгон. Кийинчерээк Мамбеталиев күнөөлүү деп табылып, өмүр бою камакка кесилген.

Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин Мамбеталиевдин иши «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» кайрадан каралып, ал эркиндикке чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: