Кыргыз рэпери «Муз эрийт» аттуу ырды которуп ырдап чыкты

Рэпер Добр «Грибы» тобунун «Тает лед» аттуу ырын кыргызчага которуп ырдап чыкты. Котормонун автору түп нуска версиянын видео клибин пайдаланды. «Муз эрийт» чыгырыгы рэпердин Ютуб-каналында жарыкка чыкты.

Украинанын «Грибы» тобу бир ай мурун «Тает лед» аттуу ырга клип чыгарган. Чыгырык дароо эле интернеттин хити болуп, 44 миллион ирет көрүлүп чыкты.

Мындай атактын артынан көптөгөн пародиялар да келип чыкты, айрымдары Борбор Азия өлкөлөрүндө жаралды. Кыргыз рэпери MC Doncha «Грибдердин» клибине пародия тартты.

Казактар чай ичкенди жактыраарын ырдап чыгышты.

Ал эми ырдын тажик версиясы кыйла эле муңдуу. Авторлор Тажикстандан барган Орусиядагы мигранттардын кыйынчылыгы тууралуу баяндашат.

Орусиялыктар да өз пародияларында өлкөдө топтолуп калган мүшкүлдөр тууралуу кеп кылышат.

Пародиянын автору Суендук Словоблуд түп нускадагы тректин үзүндүлөрүн кураштырып, аны өлкөдөгү митингдерге жана саясий абалга арнаган.

«ND Production» тобундагы балдар тректи белгилүү саясатчылардын үнү менен ырдап чыгышты.

Бир нече пародия өлкөдө асфальттын жоктугуна арналган.

Баткак тууралуу:

Эрип кеткен асфальт тууралуу:

Орусиянын футбол боюнча курама командасы да көз жаздымда калган жок.

Буряттар өз клибин Байкал көлүнө арнашты.

«Муз эрийт» ырына «Вечерний Ургант» программасы да пародия тартып, аны дүйнөлүк аптапка арнаган.

Бул болсо видеонун түп нускасы:


ТЕМА БОЮНЧА: