«Раритет» дүкөнү жайгашкан имараттын ижарасына кайрадан аукцион өтөт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бишкектин борбордук аянтындагы азыр «Раритет» дүкөнү жайгашкан Достук үйүндөгү имаратты ижарага берүүгө кайрадан аукцион жарыялайт. Экинчи аукциондун мөөнөтү белгисиз. Китеп дүкөнүнүн жетекчилиги ижара акысын төлөй албайт, анткени ал эки эсе кымбаттап кетти.

ММБФтин башчысы Болсунбек Казаков Достук үйүндөгү имараттын ижарасына 6-апрелде аукцион өткөрүлгөнүнө карабастан, ижарачы табылбаганын билдирди. Аукционду жеңип чыккан «Раритет» дүкөнүнүн кожоюндары эки эсе көтөрүлүп кеткен ижара акысын төлөөдөн баш тартышты.

Казаковдун айтымында, аукционго үч компания катышкан. Сатыктын жеңүүчүсү болгон «Раритет» компаниясы эң чоң бааны — айына 338 миң 195 сомду сунуш кылган. Аукциондун баштапкы баасы айына 118 миң сом болчу.

Бирок «Раритет» китеп дүкөнүнүн директору Светлана Полуэктова Kloop.kg менен болгон маекте дүкөн ээлери жаңы келишимди кол коюудан баш тартышпаганын айтты.

Анын айтымында, алар мындай чоң сумманы кеп кылышына башка талапкер дароо эле чоң бааны сунуш кылганы себеп болгон.

«Биз дүкөндү таштап кете алган эмеспиз, ошондуктан ушундай сумманы айтканбыз. Азыр болсо бул сумманы көтөрө албай турганыбызды түшүнүп атабыз», — деди ал.

Полуэктова дүкөндүн жабылаар-жабылбасын билбей турганын айтты.

«Биз “Раритеттин” мурдагы ордунда калышы үчүн күрөшөбүз. Биздин юристтер азыр ушул багытта иштеп, мыйзамдуу варианттарды издеп жатышат», — деди ал.

Китеп чыгаруучулар ассоциациясынын башчысы Олег Бондаренко Kloop.kg менен болгон маекте «Раритет» бул аукционго катышууга аргасыз болгонун айтты.

«Сатыкта башка тарап — ушул имаратты алгысы келген кайсы бир кишилер бар болчу. “Раритет” мындай бааны сунуш кылганы аргасыз кадам эле», — деди Бондаренко.

Бондаренконун айтымында, ижара акысынын көтөрүлүшүнөн улам китептер эки эсе кымбаттап, дүкөн жабылып же соода аянты азайышы мүмкүн.

Ошондой эле анын пикиринде бул дүкөндүн ичиндеги бекер этнографиялык музейдин жабылышына алып келиши ыктымал. Мындан тышкары балдар менен иштөө боюнча «Чогуу окуйбуз» аттуу программа толугу менен жабылат.

Мурда Бишкекте «Одиссей», «Мир книг» дүкөндөрү жана Орус китебинин үйү жабылган.