«Шериктештиктин мотокросс боюнча кубогу» үчүн мелдеш 9-апрелде Мраморное айылынын аймагында болду. Жарышка Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын 78 мотоциклчиси катышты.

Жарыштар Кыргызстандын мотокросс федерациясынын мото-трегинде өттү. Мотоциклчилер тогуз категорияда мелдешти.

Жарышка катышкандардын арасында жаштар да, карылар да болду: эң кичинекей катышуучу беш жашта болсо, эң улуусу — 64 жашта.

Орусиядан келген командада катышуучулар баарынан көп болду.

Мелдешке эки миңдей киши көз салып турду.

Мотоциклчилер дөбөдөн алыс секирип, чукул бурулуштарда болсо жерге жабыша калып жатышты.

50 жана 65 куб. см. классына эң кичинекей спортчулар катышты. Трасса аларга оңой болгон жок, алардын кичинекей мотоциклдеринин дөңгөлөктөрү топуракка тыгылып, көбү жыгылып жатты.

Ар бир кыйчалыш жерде чоң спортчулар алардын мотоциклдерин көтөрүшүп, тыгылып калгандарды түртүп чыгарып жатышты.

Кыйынчылыктардын баарына карабастан катышуучулар трассаны багындыра беришти.

85 и 125 куб. см. классына өспүрүмдөр катышты. Алар кээде тобокелге салса да трассадан ишенимдүү өтүп, кооз секиргенге аракет кылып жатышты.

«Open» жана «Open-A» классы — кубаттуу мотоциклдер жана өз ордун тапкан спортчулар үчүн.

Бул жерде чабалдарга орун жок, бул класстагы жарышуучулар трассада кадимкидей салгылашты.

Ойлонулган жүрүштөр, көкөлөгөн секириктер жана бурулуштардагы будуң-чаң. Бул класстар эң кызуу жана көрүнүктүү болду.

Ардагерлер өзүнчө жарышты. Жүрүштөрдүн баары салмактуу, чарпылбаган, ашыкча тобокелге салбаган аракеттер болду. Ошого карабастан, алар жакшы ыргакта жылып, негизги класстардагы спортчулардан кем калышкан жок.

Негизги байгелүү орундарды Орусия менен Казакстандын спортчулары бөлүп алышты.

Кыргызстандын спортчулары эки байгелүү орунга ээ болушту: 65 куб. см. классында үчүнчү орунга Василий Дудченко чыкты, ал эми «Open-A» классында Вячеслав Дудченко алдыга озду.

Жеңүүчүлөргө медалдар менен кубоктор, акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөрдүн белектери тапшырылды.

«Шериктештиктин мотокросс боюнча кубогу» эл аралык деңгээлдеги мелдеш болуп эсептелет жана жылына бир жолу өткөрүлөт. Ага Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын спортчулары катыша алышат.

Сүрөт: Рустем Ильясов


ТЕМА БОЮНЧА: