Сөз эркиндиги үчүн жүрүш: Камалып чыккандар актоочу өкүмдү талап кылышууда

Сөз эркиндиги үчүн жүрүштүн катышуучулары камакка алуу тууралуу өкүмгө каршы Жогорку сотко даттанышат. Беш активист 18-мартта кармалган, алар кабылдап-бөлүштүргүчтө беш күн отуруп чыкканга мажбур болушкан. Бишкек шаардык соту кармалгандардын дээрлик бардыгына карата камакка алуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык соту Бишкектеги сөз эркиндиги үчүн жүрүштүн катышуучусу Айбек Мырзанын беш күнгө камалышы тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Шаардык сот Азамат Аттокуровго, Расул Умбеталиевге жана Мухит Мамытовго карата да ушундай эле чечим кабыл алды.

Мырза анын жана башка активисттердин укуктары бузулган деп эсептейт, андыктан алар Жогорку сотко кайрылууга ниеттенүүдө.

«Бул соттун чектен ашканы, жаш активисттерге жана сөз эркиндигине кысым. Отурумдар залына ал тургай күбөлөрдү да киргизбей коюшту! […] Биз актоочу өкүмдү талап кылабыз», — деди Мырза.

Айбек Мырзанын айтымында, ал өзү жана жүрүштүн башка катышуучулары «Ээн баштык», «Жолдорду мыйзамсыз жабуу» жана «Бийлик өкүлүнө баш ийбей коюу» беренелери боюнча негизсиз жана мыйзамсыз айыпталган.

«Биз беш сутка бою адам чыдагыс шарта камакта отурдук, камерада 20 киши болду, ал жердин сасыгынан дем алууга мүмкүн эмес болчу», — деди ал.

Кармоо жана камакка алуу

Милиция 18-мартта сөз эркиндиги үчүн жүруштүн жети катышуучусун кармаган.

Укук сакчылары жүрүштүн катышуучулары Бөкөнбаев жана Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде жолду жабууга аракет кылганын айтышкан. Милиция кызматкерлеринде катышуучуларга борбордук трассаларга чыгууга тыюу салган соттун токтому бар болчу.

Кармалгандардын арасында депутат Каныбек Иманалиев жана ВВСнин журналисти Абдыбек Казиев бар болчу, бирок алар дээрлик дароо эле кое берилген.

Жүрүштүн беш активисти — Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев жана Мухит Мамытов — беш суткага камакка алынган.

Жүрүштүн катышуучулары соттун бул чечимине каршы даттанууга аракет кылышкан, бирок дем алыш күндөрдүн жана Нооруз майрамына арналган иш-чаралардын айынан ага жетишкен эмес.

Адам укуктарын коргоо боюнча эң ири уюмдардын бири болгон «Эл аралык мунапыс» жүрүштүн катышуучуларын камакка алууну мыйзамсыз деп атаган. Укук коргоочулар бийликтен активисттерди токтоосуз кое берүүнү талап кылышкан. Бирок бийлик укук коргоочулардын талабын аткарган эмес.

Сөз эркиндиги үчүн жүрүш

Уюштурууучулар өлкө президенти Алмазбек Атамбаев эркин ЖМКларды катуу сынга алгандыктан сөз эркиндиги үчүн жүрүш уюштурушкан.

Жүрүштүн катышуучулары Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана президентти колдогон КСДП партиясынын «ишкерлик аброюн» коргош үчүн миллиондогон доо арыздарды берген үч маалымат каражаты — «Азаттык», «Заноза» жана 24.kg менен тилектештигин билдиришкен.

Жүздөй киши ЖМКга кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылып Бишкекте жөө басып өтүшкөн.


ТЕМА БОЮНЧА: