«Туу», «Чабалекей», «Горизонт»: Көчө фитнесинин фестивалында эмнелер көрсөтүлдү?

«Street Workout» боюнча чемпионат Бишкекте 9-апрелде болуп өттү. Жаш атлеттер соода борборунун так эле ортосунда орнотулган турниктер менен брустарда көчө фитнесинин элементтерин аткарып беришти.

Мелдешке сегиз спортчу катышты. Федерациянын башкы машыктыруучусу Багаутдин Талкановдун айтымында, катышууга көбүрөөк өтүнмө берилген, бирок тандоодон сегиз гана киши өттү.

«Бул атлеттер мелдештин жыйынтыгы кандай болгонуна карабай буга чейин эле Кыргызстанда эң күчтүү деген атак алышкан», — деди Талканов.

Чемпионат эки номинацияда өттү. Биринчиси — «фристайл баттл», ада спортчулар бири бирине каршы чыгып, воркауттагы ыктарын көрсөтүштү.

Экинчисинде — күч номинациясында — катышуучулар «экөөнө чыгуу» элементин аткаруу жагынан мелдешти, анда спортчу өз күчүнүн эсебинен турникке колу менен чыгышы керек.

Федерациянын калыстары спортчулардын чыдамкайлыгына, көнүгүүлөрдү аткаруу сапатына, элементтин татаалдыгына баа беришти.

Ар бир номинацияда «Street Workout» федерациясы төрт сыйлык: үч байгелүү орун жана эң жогорку сыйлык катары гран-при даярдаган.

Фристайл боюнча гран-при кубокту Кыргызстандагы «Street Workout» кыймылынын негиздөөчүсү Карек Абылгазиев утту.

Абылгазиев «Кудайдын басыгын» аткарды — бул элементте спортчу турникте асылып туруп бутун алмаштырат да бир колу менен тартына берет.

Ал ошондой эле чыпалагында асылып турду — бул элементте атлет турникте жантыгынан асылып турат да, өзүн эки чыпалагы менен кармап туруп турниктен турникке секирет.

Абылгазиевдин айтмында, ал өз номерине эки жума даярданган.

«Номерди аткаруу учурунда катуу чарчадым. Чемпионаттан алган таасирлерим аябай сонун, биринчи жеңиштен алгандай. Мелдештер өз деңгээлинде өттү, мага баары жакты», — деп бөлүштү ал.

Абылгазиев күч номинациясында үчүнчү орунга да ээ болду.

Күч мелдештери боюнча гран-прини Малик Мелисов утту.

Фристайл боюнча биринчи орунга Эмир Мырзабеков чыкты. Экинчи жана үчүнчү орунду Максат Кадыров менен Рашид Яров алышты.

Жеңүүчүлөр медалдар жана ардак баракчалар менен сыйланды.

Ар бир номинациядагы гран-при чемпиондор кубокторду алышты.

Федерациянын президенти Тамерлан Богатырев иш-чараны өткөрүүнү негизги максаты — сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу экенин айтты.

«Алар [спортчулар] абдан жакшы натыйжа көрсөтүштү. Мен азыр да булардын көрсөткөн өнөрүнөн толкунданып турам», — деди ал.

Сүрөт: Метин Жумагулов


ТЕМА БОЮНЧА: