Видео: Каржы полициясы тергөөчүнү 45 миң сом пара алганы үчүн кармады

Бишкекте Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 45 миң сом пара тооруганы үчүн кармалды. Тергөөчү бул акча үчүн кылмыш ишин токтотуп салууга убада берген.

Каржы полициясы Ленин районунун ИИБнин тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармоо боюнча атайын операция уюштурду. Ал өз кабинетинде кармалды.

Каржы полициясына тергөөчү кылмыш ишин токтотуш үчүн 45 миң сом тооруп жатканын айткан аял кайрылган.

Топтолгон материалдардын негизинде 11-апрелде Башкы прокуратура тергөөчүгө каршы «Пара тооруу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Иштин кошумча жагдайларын иликтөө улантылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: