Өзбекстандын жараны Стокгольмдо террордук чабуул койгонун моюнга алды

Стокгольмдогу террордук чабуулга шектүү Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов кылмышты моюнга алган көрсөтмө берди. Ал бул ишти «Ислам мамлекети» террорчул уюму табыштаганын айтты. Акилов 7-апрелде жүк ташуучу автоунаа менен жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кеткен, анын айынан төрт киши курман болуп, дагы 15 адам жабыркаган.

Стокгольмдун аймактык сотундагы териштирүүдө Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов террордук чабуул койгонун моюнга алды. Акилов кылмышты моюнга алгандан кийин сот ага психиатриялык текшерүү дайындады. Териштирүү жабык режимде өтүп жатат, андыктан ЖМКга бул маалыматты айыпталуучунун адвокаты кабарлады.

«Ал террордук чабуулду аткарганын моюнга алды», — деди адвокат Йохан Эриксон.

Террордук чабуул боюнча соттук териштирүү улантылат.

«Aftonbladet» басылмасынын маалыматы боюнча Акилов 2014-жылы Рахматжон Курбонов деген ат менен жашоого уруксат алыш үчүн Швециянын бийлигине кайрылган.

Акиловдун өтүнүчү четке кагылган, анткени анын таржымалында дал келбеген жерлери табылган. Бийлик андан төрт жума ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылган.

Өзү тууралуу Акилов Өзбекстанда кайсы бир демонстрацияга катышканы үчүн камакка алынганын, туугандары аны бошотуш үчүн 10 миң доллар төлөп берүүгө аргасыз болгонун айткан.

Анын окуясы өзбек түрмөсүндө отурган ар кайсы мөөнөттү айтканы үчүн чаташып турган. Адегенде ал түрмөдө 14 күн болгонун, кийин 20 күн болгонун, анан 9 күн болгонун айта берген. Ал орто чарбалуу үй-бүлөдө жашаганын айтып келип, бирок кийин бай үй-бүлөдөн экенин айтып кирген.

Террордук чабуулган чейин Акилов куруучу болуп иштегени белгилүү.

Швециянын SÄPO атайын кызматынын башчысы Андрес Торнберг билдиргендей, былтыр укук коргоо органдарына Акилов тууралуу маалыматтар келип түшкөн, бирок алар экстремизмге тиешеси болгон эмес.

Стокгольмдогу террордук чабуул 7-апрелде болгон. Жүк ташуучу автоунаа элди тебелетип өтүп, андан кийин Стокгольмдун жөө жүргүнчүлөр үчүн негизги көчөсү болгон Дроттнинггатандагы соода борборуна кирип барган. Окуяда төрт киши курман болуп, дагы 15 киши ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Сүрөт: Aftonbladet


ТЕМА БОЮНЧА: