Бишкек: Автобустар менен троллейбустардын маршрутуна эми чөнтөк тиркеме аркылуу көз салса болот

Бишкектин мэриясы тесттик режимде «Inobi» чөнтөк тиркемесин ишке киргизди, ал аркылуу башкалаанын тургундары автобустар менен троллейбустардын кыймылын жана келе турган убактысын биле алышат.

«Inobi» чөнтөк тиркемеси апрелдин башында тесттик режимде ишке кирди. Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкийдин айтымында, тиркеме кийинки жумада ийине жеткирилип, бет ачаары өткөрүлөт.

Тиркеменин жардамы менен тургундар коомдук транспорттун — троллейбустар менен автобустардын — келе турган убактысын жана жакынкы аялдамалардын ордун биле алышат.

«Тиркеме онлайн-режимде азыр жолдо бараткан транспорт каражатына көз салууга мүмкүнчүлүк берет», — деди вице-мэр.

Милицкий билдиргендей, тиркемени менчик компания 3 миллион сомго иштеп чыккан.

Вице-мэрдин айтымында, күн сайын жолго орто эсеп менен 110 автобус жана ошончо эле троллейбус чыгат. Дээрлик бүт муниципалдык транспорт бекер Wi-Fi менен камсыз болгон, жакында болсо GPS-навигация орнотулуп бүтөт.

Милицкий тиркеме автобустар менен троллейбустардын кыймылын көзөмөлдөп, жолдо качан бузулганын биле алаарын айтты.


ТЕМА БОЮНЧА: